Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айжамал Каразак: “Баарыбыз Баткенге жөө чуркаганга чейин даяр болуп жаттык”

Айжамал Каразак: “Баарыбыз Баткенге жөө чуркаганга чейин даяр болуп жаттык”

10-май, 12:07
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айжамал, Баткендин кызы болгон үчүн өткөн окуя сенин да жүрөгүңдү жаралагандыр. Кандай күндөрдү баштан кечирдиң?

-- Мен Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарынан болом. Исфана шаарында төрөлгөм, бирок кичинекей кезимден эле борбор калаабыз Бишкекте чоңойдум. Исфанада 1-кичирайондо жашачубуз. Жаныбызда мектеп, бала бакча, кадимки эле кичи шаар эле. Көпчүлүк Баткен десе эле тажиктерге чек аралаш, алар менен чогуу жашагандай элестетишет. 

Менин элесимде Баткен таптакыр башкача шаар. Эң бактылуу балалык кезим ошол жерде калды. “Баткен” дегенде менде дайыма жылуу сезимдер пайда болот. Бул сагыныч, же кичи мекенге болгон сүйүү деп сезем. “Баткендик, лейлектик” десе, андан да жакын сезилет. 

Бирок чек арадагы жаңжал, каптаган өрт, бейкүнөө өлүмдөр мага катуу тийди. “Жаңжал башталыптыр” дегенде эле жанымды коёрго жер таппай калдым. Кичинкей балам менен үйдө отургам. Алгачкылардан болуп “Баткенге жардам” деген борбор ачып, бир күн ичинде 68 миң сом чогулттук. Эртеси, анын эртеси да  жардам чогултуубуз уланып, чогулган каражаттар мекендештерге жөнөтүлүп жатты.

Азыр социалдык тармак менен иштеп калбадыкпы. Бирөөнүн элкартын, бирөөнүн элсомун алып, отчет алып-берип, телефондо отурдум. Таң атып, күн батканы белгисиз. Дуба кылып, улам маалыматты кароодон коркуп, бирок ошол эле убакта көрбөй да коё албайт экенсиң. 

2-май күнү бир тууган иним Нуркыяз өз каалоосу менен Баткенге аттанды. Ал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп иштейт. Биз борбор калаага көчүп келгенде иним үч жаштагы наристе эле. Бирок кичи мекени үчүн өзүн кармай албай кетти.

-- Баткен окуясы учурда айыкпаган жара болуп баарыбыздын жүрөгүбүздө калды...

-- Каза болгон адамдарды, 12 жаштагы Мадина сиңдибизди эстегенде жүрөк эзилет. Эми эмне кылсак да аларды кайтарып ала албайбыз. Бизге өтө чоң жоготуу болду... 

Азыркы учурда да биздин Баткенге жардам чогултуубуз токтогон жок. Үйдөн чыга албай отуруп, “кантип жардам берсем? Кантип кичине да болсо салым кошо алам?” деген мекенчил кыргызымдын, кайрымдуу адамдардын көптүгүнө жетине албай, көзүмдөн жаш сызылды. Эң негизгиси, биримдүүлүктү көргөзө алдык. Баарыбыз тура калып Баткенге жөө чуркаганга чейин даяр болуп жаттык. Коңшу өлкөлөр да биримдигибизге суктанып жатышты. Ушул ынтымагыбыз менен кырдаалдан чыга алдык. Биз биримдигибиз менен баардык кыйынчылыкты жеңе турган мыкты элбиз! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер