Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » Жылдыз Жолдошова: “Камчыбек Ташиев жөнүндө кимдир бирөө үрөй учурган пост жазыптыр”
Жылдыз Жолдошова: “Камчыбек Ташиев жөнүндө кимдир бирөө үрөй учурган пост жазыптыр”
08-февраль, 12:08

Коомдук ишмер Жылдыз Жолдошова жеке баракчасы аркылуу элге кайрылды:
“Менин жашоомдо эң жакын эки адамыма чет өлкөдөн операция жасалган. Ал күндөр кандай оор экени бир мага жана Жаратканга белгилүү...
Урматтуу мекендештер! ФБда Камчыбек Ташиев жөнүндө кимдир бирөө үрөй учурган, өтө терс, жамандыкты тилеген пост чыгарыптыр. Ошол жамандыктын "шамалы" операция жасала турган менин иним Камчыбекке тийбеш үчүн, баарыңыздардан, айрыкча энелерден суранып кетем, Камчыбекке чын дилибизден дубабызды, ак тилек жана баталарыбызды береличи! Камчыбек Ташиев сөзсүз бул илдетти жеңет, анткени Камчыке өтө күчтүү инсан. Экинчиден, мамлекети, эли, о.э. алдыда аткара турган иштери күтүп турат. Камчыбек иним, аман-эсен келишиңди Жараткандан тилеп, сени күтөбүз.”