Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акын Аалы Туткучевдин орунсуз, пас сөздөрү...

Акын Аалы Туткучевдин орунсуз, пас сөздөрү...

13-март, 19:54
1 753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

8-мартка карата Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өлкөнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров жубайы менен катышкан концерт болду. Эми демейдеги эле болуп жүргөн көп концерттердин бири деп көңүл бурбай деле койсок болмок. Бир караганда баардыгы эле ордунда тургандай. Концерттин тузу ырчы-чоорчуларда эмес, төкмөлөрдө болду. Айтылуу ырчы Аалы Туткучев бул жолу өтө эле пас түшүп кетти. “Ылай кечип жүрөм” деп ыйлаганы жарашпай, көзүн шилекейлеп алып буркурагандай көрүндү. Өлбөстүн күнүн көрүп, ачык асман алдында суукка тоңуп турган базарчылар, Россияда кыйналып жүргөндөр бир жагынан, пандемияда кыйналып, ооруп жаткандар мындан көп, ишсиз үйүндө балдары ачка отургандар андан көп болуп жат

канда “мен 10 миң сомго ырдабайм, 20 миң бергиле” деп күндө соодалашып, чөнтөгүн долларга толтуруп, тойлордо шаңшып жүргөн Аалы ырчы эми томояктын кейпин кийип, президенттин алдында “баткак кечип жүрөм” деп бечара болду. 

Мамлекет башчысы катышкан концертте мамлекеттин биримдиги, элдин ынтымагы, улуттук нарктарды көтөрүү, даңазалоо сыяктуу президенттин программасындагы олуттуу көйгөйлөр сөз болбой, Аалы акын арманын айтып жатып алганы эмнеси? Бул албетте, маданият министринин саясый сокурлугу, билиминин тайыздыгы, ишенип берген ишти жөндөп алып кете албай бодолонгон борпоңдугу. Кайрат Иманалиевдин кашаңдыгын билген аялы “үргүлөбөй иште!” деп камчылап, министрликтин кадрлык иштерине кийлигишип, саясаттан түшүнүгү жок болсо да Кайратты Майрам Акаева Аскарды башкаргандай эле “кыңк” эттирбей башкарып, өз билгенин жасап, өтүгүн төргө илип жатыптыр. Болбосо, президент катышкан концертте Аалы ырчынын орунсуз, пас сөздөрү айтылбайт эле да! 


Бекбол Айдаров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер