Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абал курчуду: коронавирус 309 адамдан чыкты. 3 бейтап көз жумду

Абал курчуду: коронавирус 309 адамдан чыкты. 3 бейтап көз жумду

27-июнь, 13:19
814 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти. Кечээ каза болгондор Ош жана Жалал-Абад облустарынан.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди. Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкты. 

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти.

"Каза болгон жарандын бири Ош облустук ооруканасынан үзүлдү. Ал 51 жашта экени маалым болду. Экинчиси 76 жаштагы киши Жалал-Абад облусундагы ооруканада көз жумган, дагы бири Аксы райондук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 74 жашта болчу", - деди Каратаев.

Кыргызстанда акыркы суткада 309 кишиден коронавирус чыгып, жалпы саны 4 513кө жетти. Анын ичинен 2 212 бейтап айыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер