Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаевчилер чабуул жасаганда Соке мүңкүрөп, жалгыздыгын сезип жатыптыр

Атамбаевчилер чабуул жасаганда Соке мүңкүрөп, жалгыздыгын сезип жатыптыр

19-декабрь, 20:33
1 070 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Барган сайын Сооронбай Жээнбековго маалыматтык чабуулдар күчөп, туш тараптан сокку жасалууда. Мамлекеттик резиденцияда мыйзамсыз жашап жатканы, Кой-Таш, Октябрь окуяларына жооп бербей качып жүргөнү курч маселе бойдон турат. Пандемия, коррупция, рейдерлик баскынчылыктарга да шек саналары ыраспы? Бул жагынан да анын мурдагы командасына арыздар жазылары, учугу Сокеге барып такалары айтылууда. Эл арасында эркин баса албай, жалтактап, жашынып жүргөн да жашообу? Ага караганда Алмазбек Атамбаев түрмөдө отурса да жүзү жарык, тике сүйлөп, чындыгын айтып келет. Карапайым калкыбыз да кимдин ким экенин акыры билүүдө. А баса, соңку убакта Атамбаевдин тарапташтары Сокеге маалыматтык сокку урган жагынан күчөп баратышат. Мындай шартта ал мүңкүрөп, эч ким болушпай жатканына капа экен. Үч жыл бийликте отурду, кол астында ондогон, жүздөгөн кошоматчылары бар эле. Мына ошолордун баары сатып кетишип, кыйын кырдаалда моралдык жактан таяныч бере тургандарга муктаж болуп калганы ачыкталууда. Чындыгында Сооронбай Жээнбековду “жерден алып көргө чапкандар” арбыды, бирөө чыгып болушуп атабы? Көргөн жокпуз. Мындан өткөн трагедия барбы? Тирүүнүн өлүгүнө айланганыбы? Убагында адамгерчилик мамилесин көрсөтсө, азыр колдогондор четтен чыкмак да, туурабы? Коомчулуктан корунуп күн кечирген тозокко айланса керек... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер