Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев кошомат кылган сайын Садыр Жапаровго зыяны тийүүдө

Балбак Түлөбаев кошомат кылган сайын Садыр Жапаровго зыяны тийүүдө

11-май, 15:17
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөндө Балбак Түлөбаев парламент трибунасынан “Садыр Нургожоевичти жамандаган блогерлер чектен чыгып кетти, жазалаш керек” деген мааниде бакылдап атат. Эрксизден баш чайкайсың да. Мындай кошоматы менен Садыр Жапаровго зыян келтирип атканын сезбейби? Эмесе, чечмелеп коёлу. 

Алгач Балбак Түлөбаев кандуу бийлик тушунда Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын орун басары катары иштеп, “колго суу куюп”, башкасын да кылып жүргөнүн андагы коллегалары жакшы билишет. Аңыз кеп кыла айтып да жүрүшөт. Кайсы жагын тейлегенин...

Кийин Алмазбек Атамбаев президент болгону ага да жагынып, мактап макала жазып, бирок кыялданган короосуна кире албай койгон. Гезитте иштеди. Көп өтпөй Шаршенбек Абдыкеримовдун колтугуна кирип, “Аю Холдинг”, “Аю Гранд Комфорт” ишканаларына жетекчилик кылып жүрдү. Бизнеске аралашып телчигип, кичине курсагы да тоё түшкөн. 

Сооронбай Жээнбеков бийликке келген соң, 2018-жылы Бишкек шаарынын мэринин аппарат жетекекчиси кызматын аркалады. Ысык-Көл облусуна губернатор болууга да үлгүргөн. Мына ошол жылдары “Сооронбай Шариповичти мен эч убакта сатпайм. Аягына чейин барам!” деп ант ичип жүрчү. Бирок, 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин оңой эле сатып кетти. Дүңкүйгөн далысын салып...

Садыр Жапаровдун доору башталганда мурдагы беткабын сыйрып салып, кайрадан кошомат кылуусун улантты. Бул жагынан профессионал экенин көрсөттү. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо бийликчил “Ынтымак” партиясынан депутат болуп келди. “Мен Садырдын командасындамын, эч качан талтайбайм. Аягына чейин турам!” деп ооз көбүртүп, эски обонун созуп, шилекей чачыратып келатат. Жагалданса карап турган адам уялып кетет. Бул өтө жийиркеничтүү!

Ток этерине келсек, эртең башка бийлик келип калса, Балбак Түлөбаев эмне деши мүмкүн? Кескелдирик сыңарындай шарт эле “куйругун кесип”, кубулат да, өтмүшүн унутуп, жаңы мамлекет башчыга “мастер классын” көрсөтөт. Анан эмне болот“Жылмышып” кирип кетеби, же талаада калабыУбагы келгенде көрөбүз... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер