Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Атамбаевдин адвокаттары Ниязбековдун сөөгүн каздырууга аракет кылышы мүмкүн”

“Атамбаевдин адвокаттары Ниязбековдун сөөгүн каздырууга аракет кылышы мүмкүн”

23-ноябрь, 00:19
2 277 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков менен маек.

-- Артур мырза, Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев Орозбек Опумбаев менен Исмаил Исаковдун Кой-Таш окуясы боюнча сүйлөшкөн аудиосун жарыялады. Ошондо Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевге таандык куралдан эмес, башка куралдан каза болгонбу?

-- Кой-Таш окуясы Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө түрдүү пикирлерди жаратты. Мамлекеттик комиссиянын эң негизги максаты ошол окуяга саясый жана коомдук баа берип, окуяга катышкан эки тараптын тең пикирин угуп, элге туура маалымат берүү үчүн түзүлгөн. Исаков менен Опумбаевдин сүйлөшкөн сөзү улуттук коопсуздук кызматынын имаратында 17-сентябрда жабык эшиктин артында өткөн жыйында болгон. Улуттук коопсуздук кызматына барган комиссиянын мүчөлөрүнүн баары ошол жерде көтөрүлгөн маселелерди жашыруун сүйлөшүп жана ал жерден “купуя сыр” делген материалдар менен таанышып, “бул маалыматтарды эч жакка чыгарбайбыз” деп кагазга кол коюп беришкен. “Эгер бул маалыматтар сыртка чыгып, туура эмес маалымат тарап кете турган болсо, жоопкерчилигин тартабыз” дешкен. Опумбаев менен Исаковдун сүйлөшкөн сөздөрү, бири-бирине болгон жооптору – экөөнүн ич ара сөзү болгон. Ошондуктан, элге толук маалымат бериш үчүн алардан дагы сураш керек. 

Ошондой эле Кой-Таш окуясы боюнча бүдөмүк ой пикирлер, экөөнүн сүйлөшкөнү боюнча кандайдыр бир деңгээлде жаңы жагдайлар жаралса, Атамбаевдин адвокаты сотко кайрылып, кайрадан соттук медициналык экспертиза, баллистикалык, трасологиялык экспертиза жасатса болот. Атайын топтун кызматкерлеринен жана ошол жердеги укук коргоо органдарынын жетекчилеринен жана Атамбаевдин тарапташтарынан барымтага алып, тепкилеп, сабаган балдардын баарын суракка алып, бул жагдай боюнча аныктап, такташ  керек. 

Менимче, Атамбаевдин адвокаттары Ниязбековдун сөөгүн эксгумация жасатууга да аракет кылышы мүмкүн. Жаркынбек Касымбеков жаздырып алган аудиону бир жыл мурун эле алып чыкканда, убагында көптөгөн маселелер ачыкка чыкмактыр. Мүмкүн  алар ошол кездеги бийлик “башка нукка буруп, башкача саясат кылып салат” деп сыртка чыгарбай сакташкандыр. Бирок, кандай болгон күндө дагы, укук коргоо органынын кызматкери полковник Ниязбеков мыйзамдуулукту орнотууга алаксып барып, Атамбаевдин резиденциясынын ичинен каза болуп жатат. Ошондуктан, Ниязбековду аткан адам кандай болгон күндө дагы мыйзам алдында жооп бериши керек.  

-- Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында сүйлөшүүнү жаздырып алган Жаркынбек Касымбеков «Ниязбеков СВД эмес, АК-74 автоматынан чыккан октон каза болду» деген сөздөр монтаж эмес" деди го? Ошондо Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдер эмес, абалды курчуткусу келгендер тарабынан өлтүрүлгөнбү?

-- Ал жерде көптөгөн куралдар болгон. Мисалы, СВД, АК-74, желим ок менен аткан куралдар, пистолеттер болгон. Бирок, баары эле колдонулган эмес. Автоматтар менен укук коргоо органдары да эч кимди аткан эмес. Барымтага түшүп калганда Атамбаевдин тарапташтары “Альфанын” кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, тепкилеп, кордук көрсөтүшкөн. Ошондо дагы духу сынбай, туруштук берип турушкан. Бирок, Ниязбековду аткан адам абалды курчутуу боюнча ойлонгон да эмес. Куралды коргонуу реакциясы, же болбосо сыноо катары да атып жибериши мүмкүн. Ошондой эле укук коргоо органдарынын баардыгында бронежилет болгон эмес. Бронежилети болсо дагы капталындагы омпоктору жок болгон. Үсөн Ниязбековдун өлүмү боюнча Атамбаев алдын ала күнөөсүн мойнуна алып, “мен атканда, балким, октун бирөөсү тийип калышы мүмкүн” деп, тергөөгө багыт берип койгон учурлары да болгон. Эгер адвокаттар шек санай турган болсо, кайрадан экспертиза жасатуунун шарттарын түзүшү керек.

Бирок, буга чейин ал жерге барган куралдар такталып, экспертизалар болгон. Ийне-жибине чейин карап, суроолор пайда болсо, иликтеш керек. Буюрса, жакын арада бул маселеге чекит коюлат.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер