Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрдөн түшпөгөн Төрөбаев сыноодо...

Төрдөн түшпөгөн Төрөбаев сыноодо...

14-июнь, 18:34
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде “Акжол” партиясынан Бакыт Төрөбаев депутаттык мандатка жеткен. Бир эсе атасы Эргеш аксакалдын кадыр-баркы, өзүнүн идиреги да себепчи болсо керек. Агезде жаш депутат катары көзгө көрүнүп, көптүн арасынан айырмалана баштаганы да эсибизде. “Акжолдон” аты чыга баштаганда, урунттуу окуя орун алат. Камчыбек Ташиев үй-бүлөлүк клан менен келише албай, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кызматтан кетет. Ызасы менен Сузакка барып, тарапташтарын чогултуп, акыл сүрө баштайт эмеспи. Мындай жагдайда Максим Бакиев экинчи сузактык Бакыт Төрөбаевди ӨКМга дайындатат. Эки жердешти каршылаштырып, балансты да сактоо үчүн... 

Тилекке каршы, бир канча айлардан кийин эл көтөрүлүп, 7-апрелдеги төңкөрүш орун алат. Бакиевдер канды суудай агызып, 87 азаматты кырып (арбынын майып кылышып), акыры өлкөдөн качып кетишет. Ошол 2010-жылы мекенибиз олку-солку абалда турду. Күтүүсүз Июнь окуясы тутанып, канча деген бейкүнөө жарандарыбыз ажал табышты? А саясат өз нугу менен улана берет тура. Күзгө карай парламенттик шайлоо жарыяланып, “Республика” партиясынан Бакыт Төрөбаев депутат болуп келди. Бир катар жаш лидерлердин арасынан бараандуусу да ушул жигит эле. Ал кайсы бийлик болбосун ийкемдүүлүгүн көрсөтүп, чоң саясатта этият жүргөнү менен узакка чуркай турганын баамдаганбыз. Жаңылбаптырбыз. Айыл чарба көйгөйлөрүн көтөргөн, каратаман элдин таламын талашкан депутат бат эле Кыргызстанга таанылды. Өз үнү, позициясы бар экен. Ошентип, экинчи ирет Өмүрбек Бабановдун командасы менен опурталдуу күрөшкө аралашып, жемиштүү үзүрүн көрдү. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги менен ымалашып, тил табышууга да жетишти.

2015-жылкы аламанда Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү Прогресс” партиясына төрагалык кылып, он чакты мандат менен Жогорку Кеңешке кирип келди. Сыртынан орточул жүрүштү карманганы, ичкериден бийликке дос болгону да ийгиликке жеткизди окшойт. “Булуттуу көктүн асты, муундуу чөптүн үстү” менен темине берди. Саясатта такшалуу багытынан жазган жок. Башкалардай аша чаппай, бычактын мизине да баспай, сакталып калуунун амалдарын кыйла өздөштүрдү. Ириде лидерлик сапаттарын байыта алды.

2018-жылдын башы менен Сооронбай Жээнбеков толук кандуу бийликке жетип, акырындык менен коомдо өзгөрүүлөр башталды. Барган сайын эки достун урушу күчөп, кандайдыр бир чайпалууга бараттык. Мындай шартта Бакыт Төрөбаев суунун агымы менен аккан кайыктай өз жолунан адашкан жок. Алдыга да чыкпай, артта дагы калбады. Акыры Сокенин доору будамайланып, элита чөйрөсү башаламандык таризинде кала берди...

2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин жаңы бийлик келди. Күтүүсүз, радикалдуу, чечкиндүү кадамдар жасала баштады. Ала качма, шашылыш көрүнүштөргө да күбөлөндүк. Ийгилиги менен кемчилиги аралаш... Саясаттагы далай оош-кыйышты баштан өткөрүп калган Бакыт Төрөбаев эки достун тилин таап, башкалардай борттон ары ыргып кетпей, бирдиктүү команданын ишенимине кире алды. Вице-премьер катары бир калыпта иштеп, түз жүрдү, андан соң айыл чарба министрлигин да жетектей баштады. Бактыга жараша быйыл жаз жаанчыл болуп, жылыга дыйкандардын көйгөйүнө айланган суу тартыштыгы жаралган жок. Бул тармак кургуйга кетип, кыйроо абалына жеткени да жашыруун эмес. Иш жүзүндө Бакыт Төрөбаев караңгыдан көз таап, айыл чарбасын оңдоп, реформа жасай алса, зоболосу көтөрүлүп, саясый өмүрү узарат. Эгер жаза тайса, шаасы жетпей калса, анда келечек карьерасы коркунучта. Ай ким билет? Айлакер эле... Сыноодон өтөбү? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер