Чыңгызхан Кожошев, төкмө акын: “Болот Назаров экөөбүз кез келген айтыштан ырахат алгам”


Асанбий уулу Алымбек датканын 225 жылдыгында төкмө акындарга 6 миллион сом байге сайылып, башбайгеге үй коюлган. Биз башбайгенин ээси Чыңгызхан Кожошевди кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-- Чыңгызхан, Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтышта батирди утуп алдыңыз. Ички туюмуңузда жеңишке жетериңизди билдиңиз беле?
-- Чынын айтсам, үй алам, башбайгени утуп алам деген ой болгон эмес. Өнөр жарышы болгондуктан, катышып көрөйүн, сөздүн, өнөрдүн ырахатын сезейин, акындар менен айтышайын, элге да ырахат тартуулайын деп келгем. “Күлүк күлүктү көрсө төрт туягы тыбырайт, чечен чеченди көрсө оозу-мурду кыбырайт” дегендей, акын акынды көрсө айтышкысы келет. Насип экен, башбайгеге ээ болдум. Эң башкысы, айтышыбыз элге жагып, айтыштын атагы, кадыры көтөрүлө берсин.
-- Негизги сыйлыкка ээ болгонуңузду укканда кандай сезимдер жаралды?
-- Жеңүүчү болуп, эл кубаттап дуулдаганда тынчсыздандым. “Мен элдин көңүлүнө толгудай айтыштымбы? Калыстар өз баасын берип, эл ыраазы болду бекен?” деген ой келди. Анткени, тандоо турунда айрым акындар өз баасын албай калган учурлар да болду...
-- Президенттин колунан үйдүн сертификатын алдыңыз. Үйдү көрдүңүзбү? Канчанчы кабат экен?
-- Сертификатты алгандан кийин ачкычты алып, үйдү көрдүм. 14 кабаттуу үйдүн биринчи кабаты экен. Буюрса, үй-бүлөм менен барып, жакындарымды чакырып, бата алсам деп турам.
-- Айрым акындар бул же тигил акын менен айтышканын мисал кылышып, элдин купулуна толгонун эстешет эмеспи. Керемет сезимдерди жашыра алышпай... Сиз кимдер менен болгон айтышта сөздүн ырахатын сездиңиз эле?
-- Талас жергесинен Сапарбек Зулпуев менен, ошондой эле Караколдон Амантай Кутманалиев менен болгон айтыштан, Бишкекте Болот Назаров экөөбүз кез келген айтыштан ырахат алгам. Ал эми кыз-жигит айтышынан Гүлкайыр Айнаш кызы, Изат Айдаркуловалар менен болгон айтыштар да абдан жакшы болгон. Негизи андан башка деле учурлар болсо керек, азыр эсиме келгени ушулар болду. Акындар сөздүн ырахатын сезип, айтам дегенин айтып, сөздүн жүйөсүн табасың да. Бирок, сенин атаандаш акының сенден да күчтүү жүйө таап, сени сөзгө жыкканга аракет кылат. Сен андан да ашасың. Соккунун артынан сокку берген боксчудай саптын артынан сап берип турасың. Образдуу айтканда, акыркы дем менен жүйө издеп, кыргыздын сөз казынасынан чубайсың... Айтыш өнөрлөрдүн төрөсү болгондуктан, ар бир сөздү ичиңден акыл элегиңден өткөрөсүң да.
-- Бири-бириңерди кубаттаган же сөзгө жыккан уйкаш саптар кантип келет? Эл дуулдап колдогондо келеби же “минтип айтса, тигинтип жооп берем” деп алдын ала даярдык көрөсүңөрбү?
-- Экөө тең. Акындар көргөн адамдан да, уккан калктан да бир нерсе алып калгысы келип, ар дайым изденүүдө жүрөт. Сөз, окуя издейт. Жыгач уста сайдан кандай жыгач көрсө, не жасасам экен (?) деп изденген сыяктуу акындар да сөз, кептин кезегин, курч окуяларды издешет. Казынасы толгондо кымыз ачып көбүргөндөй, бышкан мезгилде калпып каймагын берет.
-- Бул айтышта кимди өзүңүзгө атаандаш көрдүңүз?
-- Ыктымалдуулук деген болот. Айтыштын практикасында, жүрүшүндө акыркы үч жыл аралыгында жакшы көрсөткүчтөрдү эске алганда, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Марат Асылбеков, Баян Акматов, Изат Айдаркулова, Турат Жумаев, Нурсултан Абдикаримов, Темирбек Матыбаев, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасовдордун баары эле атаандаш болот. Негизи ар биринин өзүнүн артыкчылыгы бар, биринен-бири кем калбаган таланттуу жигиттер. Баары өз алдынча даярданып келгендиктен, алдын ала “бул же тигил алат” деп айталбайсың. Анткени, байге буйруктан. Акындын чабыты күлүктүн табындай эле да. Табына келип турганда кээде күлүккө чабандес жарашпай калат. Кээде чабандес менен күлүк бири-бирине төп келип, озуп чыгат.
-- Формаңызды атайын Алымбек датканын дооруна ылайыктап тиктиргенсизби?
-- Андай десем калп айткан болом го, бул форманы (руханий устатым деп тамашалап коём) дизайнер, философ досум Миррахим Опош тигип берген. XIX кылымдагы көчмөндөрдүн нукуралуулугуна басым жасап көркүнө чыгарган. Анткени, акыркы мезгилде улуттук орнаменти бар кийимдер кыргыз кийим болуп, элге сиңип баратат.
-- Тебетейди эмнеге кыйшайтып кийип алдыңыз эле?
-- Сахна көйрөңдүктү, өзгөчөлүктү талап кылат экен. Анүстүнө көрпө тебетейди баса кийип алсаң, адамды улгайыңкы көрсөтүп коёт. Ошон үчүн кырдантып кийдим.
-- Акындык өнөр ата каны, эне сүтү менен келеби?
-- Ошондой десе да туура. Бизди Болот уулу деп коёт. Болот уулунан Эсенжан деген аталарым дастанчы, термечи эле, чоң атам Кожош санжырачы болгон. Тай жагымда тубаса чечендик, сөздүн кадырын билген, кептин жүйөсүн түшүнгөн адамдар болушкан. Казактарда “төөгө минген казак төрт ооз сөз кантип билбейсиң” дегендей, ар бир кыргыз жамакчы деп ойлойм.
-- “Өнөрлөрдүн төрөсү” делген айтышты канча жылдан бери аздектеп келе жатасыз?
-- 2011-2012-жылдан бери Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев агаларым менен бирге “Айтыш” коомдук фондунда мүчө болгом. Ошондон бери улуу өнөрдү аздектеп, изденип келе жатам.
"Азия Ньюс" гезити











