Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келечекте Каныбек Туманбаевдин артынан даттануулар, дооматтар коюлабы?

Келечекте Каныбек Туманбаевдин артынан даттануулар, дооматтар коюлабы?

23-сентябрь, 12:00
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Шопурдун шопуру” деп эл арасында айтылган Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгын жетектеп, популярдуу чиновникке айланган чагы. Жаңы имараттарды куруп, эскисин оңдоп, ийгилик жараткандай көрүнүп атат. Дайыма президентти жандап, жанынан чыкпайт экен. Деги эле Каныбек Туманбаевдин сырын кандайча ачсак болот?..

Аманбол Бабакулов, жарандык активист:

-- Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгында чоң-чоң иштерди жасап жатат десем адашпайм. Элдин баары аны көрүп атат. Буга чейинки президенттин иш башкармалыгы кандай иштерди жасап жүргөнүн билчү да эмеспиз. Ал эми Каныбек мырзанын иштеп атканын абдан жогору баалайм. Учурда “Жыргалаң” курортун жылтыратып койду. Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясын жолунан баштап, жайында эле эмес кышкы мезгилде да сонун эс алып кете турган жайга айлантып, шарттарын жакшыртып салды. Өмүрү оңолбогон Акүйдүн сырты толугу менен оңолду. Жогорку Кеңештеги алмашылбаган эмеректер жаңырды. Каныбек Туманбаев ишбилги менеджер экенин далилдеди десем болот. Ошол эле ЖКнын ашканасын да жаркыратып, оңдоо-түзөө иштерин чыкыйтып салды. Ал эми президенттин жанында дайыма жүргөнүн мен мындай сыпаттайт элем. Садыр Нургожоевич иштей турган ишбилги адамдарды ар дайым жанында алып жүрөт. Бул көрүнүш эң туура десек болот.   

Султанбек Аманбеков, журналист:

-- Каныбек Туманбаевдин президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси катары жакшы иштерди жасап атканын моюнга алышыбыз керек. Бирок ал акча кайдан келип жатат? Бюджетте ошончо көп акча бар болсо, анда эмне үчүн бала бакча, ооруканаларды салбайбыз? Менин жеке оюмда, Каныбек Туманбаевдин мынча чоң акчаларга курулуштарды бүтүрүп жатканынын себеби, ишкерлерден салык алып жатканында болушу мүмкүн. Айтайын дегеним, Кыргызстанда чоң-чоң ишкерлерге кысым жасап, аларды демөөрчү болууга мажбурлап жаткандай сезилет. Антпесе бийликтегилер айтмакчы, 30 жылда мындай чоң курулуштарга акча табылбай жүргөн да. Мурдагылар ишкерлерге мынчалык кысым кылчу эмес го... Бир эле мисал катары “Аю холдингди” бийлик тартып алып жатканын айтсак кандай? Айтор, бул бийлик кеткен соң, Туманбаевдин үстүнөн жүздөгөн арыздар жазылышы мүмкүн... 

Урматбек Акунов, жарандык активист:

-- Айтылат го, “кимдин кимдин заманы – шопурлардын заманы” деп. Ошол нерсе дагы деле уланып келаткансыйт. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин Бакиевдер менен ымаласы бар экени эл арасында айтылып жүрөт. Учурдагы жасап аткан иштерин бирөө жактырса, бирөө жактырган жок. Баткендеги салдырып аткан үйлөрүнө айтылган дооматтарды уксак жүйөлүүдөй. “Курулуш иштери сапаттуу эмес” деп атышат. Эгер Каныбек мырза жасап жаткан иштердин баары ушундай чалагайым, урду-берди менен аткарылып атса, анда бу жигитти азырынча мактап-жактоого арзыбайт деген ойдомун. Анын артынан кийин арыздануулар чыгып, тагдыры татаалдашабы?


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер