Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кылычынан кан тамган” сынчы Аскар Медетовго жумшак жооп менен ыраазычылык билдирем

“Кылычынан кан тамган” сынчы Аскар Медетовго жумшак жооп менен ыраазычылык билдирем

21-октябрь, 19:32
491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул жылдын сентябрь айында силердин гезитиңердин үч санына жаш адабияттын мыкты сынчысы Аскар Медетовдун “Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы” деген аталыштагы көлөмдүү материалы жарык көрдү. Эң алгач көңүл буруп, кунт коюп окуп, анан ага пикир айтыш оңой жумуш эмес. 

Эсимде, өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын ортолору болсо керек эле, бир төбөсү кыргызга көрүнүп эле калган жазуучу Абдыганы Эркебаевди коноктоп, аябай сыйлап, “Абыке, жамандап болсо деле мобу чыгармам жөнүндө жазып койчу” деген эле. Кийин байкашымча, Эркебаев жамандап да, мактап да жазган жок. Ошонун сыңарындай, мен жазган “Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны” деген китеп 2021-жылдын аягында жарык көрүп, өзү туулуп өскөн Лейлекте, Баткенде, үй музейинде, улуттук университетте, УИАда, Жалал-Абад университети ж.б. жерлерде бетачар өткөрүлдү. Сын айтып жазмак турсун, айрым гана адамдар окубаса дээрлик эч ким китеп окубаганына көзүм жетти. Ошондуктан Аскар Медетовдун үч сандагы чоң материалы үстүртөн, айрым калпыс, туура эмес жазылса да рахмат. Эми аны баштан-аяк комментарийлеп отурбай эле элдин бүйүрүн кызыткан бир-эки эле маселеге токтоло кетейин. 

Аскар окумал интеллигент катары кыргыздын соңку саясый тарыхын жакшы билери, ага кызыгары жазганынан эле байкалып турат. “Азыркы учурда Кыргызстанда Исхак Раззаковдой зоболосу көтөрүлгөн, андай кадыр-баркка ээ болгон бир да тарыхый инсан жок” деп туура белгилейт. Дагы бир топ дурус жана буруш жактарын айтсам болор эле, бирок азыр сөз ал жөнүндө эмес. Эми сөздүн ток этер жери Исхак Раззаковду иштен алуу процесси кандай жүргөн, ошол жөнүндө болсун. 

Хрущев кызматка келери менен эле бир топ республикалардын жетекчилерин жана Кремлдин өзүндө да бир тобун кетирип, жаңыларын алып келет. И.Раззаковго аны кызматтан алайын деп атайын деле киришпесе керек (бул жөнүндө Мухидинов ж.б. жазганы бар), анткени Хрущев бийликке келгенден кийин дээрлик сегиз жылдан кийин Раззаковду иштен алып жатпайбы. Ал жөнүндө мен китепте өтө кеңири токтолгом. Ал эми сынчы “Исхак Раззаковдун ордун Турдакун Усубалиев кутумчулук кылып тартып алды” деген сыяктуу жоромол, божомолдор бар” деп жатпайбы! Китепте андай божомол да, жоромол да жок. Тескерисинче “...Ошол мезгилде Т.Усубалиевдин кандидатурасы баардык көрсөткүчтөр жагынан биринчи катчы болууга туура келген” деп 167-бетте жазылып турат. Бирок И.Раззаковго кантип, кандай айып тагуу, кандай кемчиликтерди издөө, аны Москвага кабарлап туруу башка кеп. Ошентип бир топ “кемчиликтер” табылат. Алардын ирилери мектепте балдарга тамак берүү, кыргыз тилин баардык мектептерге киргизүү ж.б. 

Ал кездеги өкмөттү жетектеген К.Дикамбаевдин маалыматы боюнча ошол жылдары Кыргызстан Россия менен Украинадан кийин дотациядан чыккан. Бош акчаны республика өз каалаган жагына жумшайт деген жобого такап, мектептерде ысык тамак берилген. Ушул ж.б. болуп, 6-7 себепти көрсөткөм. Бирок Аскар туура белгилегендей, чала сабат Хрущевго Раззаковдун чагылгандай жооптору, курчтугу, таланты жага берген эмес. Ал эми абройлуу эле коңшулар Кунаев менен Рашидов М.Ауэзовдун айтымында, Раззаковдон бир топ төмөн эле. Мындай адамды эртеби-кечпи бошотуу күн тартибинде турган. Раззаковдун аброю ошол мезгилде Кыргызстанда өтө жогору, Сталиндикиндей эле болгон. Ошондуктан Раззаковду кызматтан алганда жергиликтүү гезиттерде “кетирген олуттуу катасы” десе, “Правда”, “Известия” гезиттеринде “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деп берилгени көп нерседен кабар берет.

Иши кылып, Аскардын “Усубалиев кутумчулук кылып эле биринчиликти тартып алды” дегени анча коошо бербейт. Албетте, Усубалиев бийликке келген алгачкы жылдары коомчулук, айрыкча окумал интеллигенция анын баскан-турганы, сүйлөгөнү ж.б. жактарын Раззаков менен салыштырышат, бул салыштыруулар Усубалиевге утуш алып келбейт. Ушундай кырдаалда ташы өйдө кулап турган, жалпы союзга атак-даңкы бар Чыңгыз Айтматовду биринчи кылабыз (!) деген тарыхта “таластык топ” болгон. Чыке өзү да макул болгон. Ал топтун жетекчиси Т.Суванбердиев “Известия” гезитинин редактору Хрущевдун күйөө баласы Аджубей менен “аптапта катык жалашкан” достордон эле. Бул долбоордун ишке ашпай калышына ошол “таластык топтон” бирөө өз убагында Усубалиевге кабарлап койгондугу себеп болгон.

Усубалиев бийликке келгенден кийин он жылдай убакыт өтүп, Раззаков Усубалиевге Москвадан жолугуп, “Кыргызстанды көргүм келет, барайын” деп уруксат сурайт. Усубалиев айкөлдүк кылып, “каалаган убагыңызда келиңиз” дейт. “Раззаковду эл деле унутуп калды болуш керек” деп ойлогон. Бирок Раззаковду эл унутпаптыр, Кыргызстан түп көтөрүлө ызаат-урмат менен колмо-кол тосуп алышат. Бир топ жаш жетекчилер менен жолугушат. Ошентип, экинчи келгис болду. Бул көрүнүштү жаш сынчы туура баамдап, “бул албетте, Усубалиев тарабынан адилетсиз мамиле” деп жазган. Бирок баса белгилей турган жагдай, Т.Усубалиев чейрек кылым республиканы жетектеп, көп эмгек сиңирди. Башка республикалардын айрым жетекчилериндей шектүү иштерге катышпаган, коррупциядан алыс болгон балдары (алар менен чогуу иштеп көрүп калдык) чектен ашпаган коомдук пикирде жаман сөз ээрчиген эмес. Турдакун Усубалиев менен 1995-2000-жылдары ал киши эл өкүлдөр жыйынында, мен мыйзам чыгаруу жыйынында чогуу иштешип, арбын маектешип, ал кишинин демократияга, рынокко ыктаган сөздөрүн көп эле угуп калдык.

Эми Аскар Медетовдун Раззаков жөнүндөгү пикирин аяктап жатып, аны менен макул боло турган жагдай: мейли Раззаков миң ирет кыйын болсун, ал Москванын көзүн караган, ошол саясатты уланткан, андан башка болушу мүмкүн эмес эле. Андан кичине эле башкачараак кылам деп өзү айдалып кетти.

Эми аягында көп жолугушууларда Абсамат Масалиев жөнүндө да көп сурашат. А.Масалиев да партиянын линиясын кыйшаюусуз аткарган. Бирок бийликке келген 1985-жылдан эле Раззаков жөнүндө материалдарды чыгарууга каршы болгон. Анткени баардык документтерде, архивдерде, чыныгы коммунисттердин пикиринде, Раззаков жөнүндө сөз кылуу кандайдыр бир тыюу салынган тема болгон. Бул жөнүндө С.Табышалиевдин Раззаков жөнүндөгү материалын кыйынчылык менен “Советская Киргизия” гезитине чыгаруу эле бир мисал. Качан гана СССР жоюлгандан кийин Раззаков менен чогуу иштегендердин ал киши жөнүндөгү материалдарын чогултуп, “Улуу инсан” деген орусча-кыргызча көп нуска менен китеп чыгарды. Ал эми Раззаковдун сөөгүн алып келүүгө эки жагдайдан каршы болгон. “Мусулман дининде жок. Эгер сөөгүн алып келсек, орус туугандар капа болот. Негизгиси, дагы бир топ кыргыздын чыгаан уулдарынын сөөктөрү Москвада, аларды да алып келүү керек” дейт. Бирок көмүскөдөгү негизги максат – Акаевдин аброю 2000-жылга карата төмөндөп, эл андан чарчап калган эле. Шайлоо жакындап калган, ага карата иш-чараларда “мына айкөлдү айкөл түшүнөт, баалайт. Кудай бизге Раззаковдун деңгээлиндеги инсанды берди, ал – Акаев” деп коомдук пикирди буруу эле. Абсамат аке муну жакшы түшүнгөн, ошондуктан ага каршы болгон.

Эми аягында дагы бир жолу адабият майданында “кылычынан кан тамып турган” сынчы Аскар Медетовго профессионал политологдордой талдаганына ыраазычылык билдирем. Биз кыргыздын чыгаан уулдарын бири-бирине каршы эмес, кандай болсо ошондой беришибиз керек. “Сөз чынынан бузулбайт”.


Саламым менен

Жолборс Жоробеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер