Бүайша Абдылдаева: “Мечиттин астынан кайыр сурап, бир жумалык тамак-ашка тыйын табам”
-- Бүайша апа, карыганда жардам суроого эмне себеп болду?
-- 70тен ашканда жардам сурап, ар кимдин колун кармап калам деп эч качан ойлогон эмесмин. Тагдырдын башка салганын көрүп, өлбөс үчүн минтип кайыр сурап да атам. Үч кыздуу болдум. Эки кызым түштүккө, бир кызым Балыкчыга турмушка чыкты. Эки кызым барган жерине тынды. Балыкчыга турмушка чыккан кызымдын турмушу оор болду. Кош бойлуу болгон кезинде күйөөсү Россияга кетти. Кайненеси кызыма тынчтык бербегенде, колума алдым. Күйөөсү эки айдан кийин үйлөнүп алды. Кызым эркек төрөгөндөн кийин көзү көрбөй калды. Андан көп өтпөй абышкам каза болуп калды. Анан калган өмүрүмдү ошол кызымды багууга арнадым. Иштеген ишибиз жок, алган пенсиям аз болгон үчүн жок дегенде тамак-ашка акча табайын деп Кара-Балтадан бешинчи күн сайын келип, мечиттин жанында жардам сураганга аргасызмын.
-- Жарытылуу акча таап кетесизби?
-- Буюрганы болот. Бир жумалык тамак-ашка жетер акча тапканыма каниет кылып кете берем.
-- Сизге каралашар эч ким жокпу?
-- Төркүнүм түштүктөн болот. “Инилерим үйүңдү сат да, бизге кел” дейт. 50гө чыгып калган кызымды таштап кете албай, эптеп багып атам. Кара-Балтада бир бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Ал жакка барсам, кызымдын көргөн күнү не болот?
-- Уулу чоңоюп калдыбы?
-- 9-класс. Ал деле беш-он сом болсо да табайын деп жанталашып эле атат. Ага деле күндө жумуш табылбайт. Кичине ыймандуу болуп өссүн, динден кабары болсун деп медресеге окутайын дегем. Ал да оңбогондой акча экен. Анча каражатым жок, окута албай жатам. 3600 сом пенсиямды эч жакка жеткире албайм. Баланын 1200 сом пенсиясы да эч нерсеге жетпейт.
-- Баланын атасы каралашпайбы?
-- Ал Россияга барып, башка аял алып алган. Анан ичкенби же мушташканбы, айтор, өлтүрүп туруп, трубага тыгып кетишиптир. Сөөгүн Кыргызстанга алып келгенде барып, бата кылгам. Тилекке каршы, “уулумдан калган туягым” деп эч ким деле издеп келген жок. Аргам жок, көзү көрбөгөн кызым менен окуучу баласын карап жатам.
-- Кызыңыздын көзүн дарылатууга аракет кылган жоксузбу?
-- Аракет кылдым. “Көзү көрүп калса, жок дегенде ичер тамагын бышырып жегенге жараса экен” деп 30 миң сом топтоп, көзүнө операция кылдыргам. Тилекке каршы, операциядан кийин деле көргөн жок.
Айнура Мырзабекова