Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Самаев: “Мени “бандит, каракчы, аткезчи” дегендер айткан сөздөрүн далилдешсин!”

Урмат Самаев: “Мени “бандит, каракчы, аткезчи” дегендер айткан сөздөрүн далилдешсин!”

27-август, 12:38
1 783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Урмат мырза, Жогорку Кеңештин депутаты эмнеге мэр болгусу келет?

-- Токмок шаарына өзүмдүн кичинекей салымым болсо да кошууга ниеттенип, мэрликке талапкерлигимди койдум. Эгер шаардык депутаттар колдосо, Токмоктун бюджетин көтөргөнгө, инвестиция алып келгенге, шаардын инфраструктурасын жакшыртканга аракет кылам. Токмок өзү чоң деле шаар эмес, ошондуктан мамлекетти карап отура бербей, башка жактардан каражат тартып келип, өзгөрткөнгө болгон күчүмдү жумшайын деп жатам. 

-- Учурдагы Токмок шаарынын өнүгүүсү кандай?

-- Албетте, мурдагы Советтер союзу учурунда Токмок гүлдөгөн, завод-фабрикаларга толгон калаа болчу. Ал кезде биздин айнек чыгарган ишканабыз өндүрүмдүүлүгү жагынан союз боюнча үчүнчү орунда турчу. Завод азыр деле иштеп жатат, болгону, кубаттуулугу алда канча азайган. Эт комбинаты бар болчу. Бирок, азыр деле жаман эмес, жеңил өнөр жай боюнча чакан фабрикалар аракеттенүүдө.  

-- Токмокту өнүктүрүү боюнча программаңыз барбы?

-- Программа бар, анын баарын айтканга көп убакыт керек. Токмок көп кырдуу шаар, 27 улуттун өкүлдөрү жашайт. Мэр болуп калсам, жумуш орундарын түзүү аркылуу элдин жашоо шартын жакшыртканга аракет кылам. Шаардын тазалыгын сактап, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин колго алам. Ошондой эле өзүм спорт адамы болгондуктан, келечек муунга сергек образдын шартын түзүп берүүнү көздөп жатам. Муну менен жаштардын ыплас иштерден алыс болуусуна, дени сак жашоо кечиришине көңүлдөрүн бургум келет. Жаштарыбыз канчалык билимге, спортко жакын болуп чоңойсо, баардыгыбыз үчүн пайда алып келет. Мындан тышкары, Токмок Казакстан менен чектешип тургандыктан, ал жакта биздин көптөгөн мугалимдер, дарыгерлер иштешет. Пандемияга байланыштуу учурда чек аралар жабылып, алар өтө албай кыйналышты. Ушундай майда-барат көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү боюнча да пландарым бар. Чындыгында Токмокто жумуш көп. Маселен, базардын айланасы иреттелген эмес, күркөлөр болор-болбос тыйынга ижарага берилет. Ал жакта коррупциялык көрүнүштөр арбын. Күнүмдүк кирешеси ири сумманы түзгөн жерлерде тааныш-билиштик кылып, 5-10 миң сом төлөгөндөр толтура. Ушулардын баарын ачыктап, бюджетке түшчү каражаттын көлөмүн көбөйтөбүз. 

-- Жогорку Кеңештин депутаты катары кандай иштедиңиз? 

-- Жогорку Кеңеште күчтүү, тажрыйбалуу, бир канча чакырылышта шайланып келген, элге пайдасы тийе турган мыйзамдарды жазган депутаттардын жанында менин жасаган иштерим эч нерсеге арзыбайт. Ошондой болсо да жигердүү демилгеде бел байладым. Өкмөткө ар дайым оюмду, сунушумду билдирип турчумун. Элдин үнүн угуп, колумдан келишинче чечкенге, мага ишенип добушун берген шайлоочуларымдын үмүтүн актаганга аракет кылдым. 

-- “Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү” деген маалыматтын канчалык чындыгы бар? Сизге карата айтылат эмеспи...

-- Кайсы жерде болбосун менин артымдан жамандап жүргөн адамдар бар. Бир эле уюшкан кылмыштуу топко эмес, “аткезчилик менен алектенет” дешет. Бирок, мен бир дагы жерде кармалган эмесмин. “ОПГ” деген биздин сөз менен түшүндүргөндө “каракчы” дегенди билдирет да. Мен бирөөнүн 5 сомун алган жерим жок, же каракчылык кылып, кимдир бирөөнүн оокатын тартып алган эмесмин. Мени “бандит, каракчы, аткезчи” дегендер келип, айткан сөздөрүн далилдеп берсин. Спорт адамы болгондон кийин ушундай нерселерге жармаштыруулар көп болот экен. 


 Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер