Акыркы кабарлар
» Коом » Арстан Алай бүгүн Путин, Назарбаев, Эрдоган, Мирзиеёвге кайрылуу жасады (видео)
Арстан Алай бүгүн Путин, Назарбаев, Эрдоган, Мирзиеёвге кайрылуу жасады (видео)
28-октябрь, 23:33
1 805 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда элди эриктирбеген Арстан Алай деген жараныбыз бар. Бир кездерде “зима не будет” деп кыштын кыраан чилдесинде жар салып, элдин эсинде калган эле.
Кечээ жакында президент Сооронбай Жээнбековдун ордун талашып, өзүн жаңы Кудай атап, ага эл ишенип, баш ийиши керектигин да айтып, дагы бир жолу элди таң калтырган.
Арстан Алайдын айткандарына кыргыз эли анча көңүл бурбай койдубу, айтор, ал бүгүн Ютуб каналы аркылуу Владимир Путинге, экс-президент Нурсултан Назарбаевге, Шавхад Мирзиеевге, Реджеп-Тайип Эрдоганга кайрылуу жасап, өзүнүн жаңы Кудай экенин дагы бир жолу жар салды.
Арстан Алайдын Ютуб каналындагы кайрылуусун көргөндөр ар кандай сын-пикирлерди жазып калтырышууда.Aryba.kg