Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Мамасейитов ИИМдин 1-орун басарлыгына дайындалбай жатып жууп жибердиби?
Акылбек Мамасейитов ИИМдин 1-орун басарлыгына дайындалбай жатып жууп жибердиби?
28-август, 18:25


Ош ШИИБ начальниги Акылбек Мамасейитов акыркы күндөрү көйнөгүнө батпай дардайып, ооз көптүрө сүйлөп, мактанып атканын кабарлашты. ИИМдин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттик шайлоого аттанып атканы, бошогон орунга Акылбек Мамсейитовдун ашыкканы, маселе чечилип калганы боюнча бакылдап, жууп жибергенге үлгүргөнү кандай? Байлыгына манчыркап, жогорку кызматты сатып алгандай түр жарата береби? Ош шаарындагы кылмыштуулукту эптей албай жатып, ИИМдин 1-орун басарлыгына секирик жасаса, бүтүндөй системага шек кетпейби? Мындан башка татыктуу кадрлар калбай калды беле? Мисалы, полковниктер Жеңиш Жоробековду же Канат Жумагазиевди көтөрсө жарашпайбы? Куп келишет да!
"Азия Ньюс" гезити











