Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Баткендик үчүн, салт үчүн сүйгөнүмдөн ажырап каламбы?
Баткендик үчүн, салт үчүн сүйгөнүмдөн ажырап каламбы?
04-ноябрь, 11:28
681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Жашым 21де. Сүйлөшкөн жигитим бар. Мен Оштон, ал Айдаркенден. Апам “кыйналасың, алыс, салттары да башкача” дейт. Кеңеш берип коюңуздарчы? Ош менен Баткендин салттарында кандай айырма бар? Анан “ал жакта келинди адам катары көрүшпөйт” дейт, ушул чынбы? Айылда чоңойгон эмесмин, айыл иштерин анча билбейм, бирок үйрөтсө колуман келет. Салт үчүн сүйгөнүмдөн ажырап каламбы? Же баарына көнүп, бактылуу жашап кетемби? Кандай айла табарымды билбей беймазамын.
Алия