Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » ИИМ ачкан кылмыш иштерин прокуратура тартып алса, мындайга оперлер нааразы
ИИМ ачкан кылмыш иштерин прокуратура тартып алса, мындайга оперлер нааразы
24-декабрь, 19:58

Республикалык жалпы масштабдан алганда, дээрлик прокуратура органына ИИМдин опер кызматкерлери нааразы экен. Себеби, күн-түн дебей кылмыш ачууда милиция жамааты шугулданып жатышат. Адам өлтүрүү, талап-тоноо, уурулук ж.б. жоболоңдуу жоруктар боюнча. Ал эми прокурорлор даяр ашты тартып алышкандай мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышып, мыйзам алдында үстөмдүк көрсөтүшкөнү кабарланууда. ИИМ ачкан даяр кылмыш иштерин алып алышып, өздөрүнүн отчётторуна киргизип сала беришсе жарашабы? Бул боюнча оперлер арасында катуу талкуу жүрүүдө. Дал ушул жагынан тийешелүү жетекчилер адилеттүү таризде баа беришсе. Тартып алган токоч аш болбойт эмеспи...
"Азия Ньюс" гезити