1-класстын окуучусу катуу сабалды, мугалимдер жашырып жатышабы?


Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылынын 1-класстагы окуучусу катуу сабалып, ооруканага түштү.
Окуя ушул жылдын 15-ноябрында болгон. Жабыркаган окуучунун атасы Коммунистбек Абажановдун айтымында 1-класста окуган уулун ошол эле мектепте окуган 8-класстын окуучусу акча талап кылып, катуу сабаган. 1-класстын окуучусунун чөнтөгүндөгү акчалары алгандан кийин, “эч кимге айтпа” деп коркуткан.
Бала коркконунан эч кимге айткан эмес. Бирок, баланын бети-башындагы көгалаларды көргөн үйүндөгүлөр андан такып сураганда баарын айтып берген.
Ал эми 1-класстын баласын сабаган окуучу күнөөнү мойнуна албай жатат. 8-класстагы окуучунун ата-энеси да мойнуна алгысы жок экенин айтууда жабырлануучу баланын атасы.
Мектептин директору, класс жетекчиси бул ишти жаап-жашырууга аракет жасап жатканы айтылууда.
Жабырланган бала учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде баш мээси чайкалгандыктан дарыланып жатат.
Aryba.kg