Россияда баңгизат ташыган "кылмышкер" мышык кармалды
Россиядагы түрмөлөрдүн бирине баңгизат ташыган мышык полициянын колуна түштү.
Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.
Мышык түрмөнүн күзөтчүлөрүнө билгизбей мурда да бир нече жолу кирип, ал жакта жаза мөөнөтүн өтөп отургандарга баңгизат алып келип жүргөн экен.
Бул жолу ал дагы кирип келаткан жерден күзөтчүлөрдүн колуна түштү. Күзөтчүлөрдөн качып, араң дегенде кармалган мышыкты текшергенде анын мойнундагы жипте 13 грамм баңгизаты болгон.
Мышыкты ветеринарларга текшертип, аны да жаныбарларды убактылуу кармоочу жайга кармашты. Жаныбардын баңгизатка көз карандысыздыгы да текшерилди.
Албетте, мышыкты жазаламак беле, аны дарылап, эмдеп, жаңы кожоюнга берүүнү пландап жатышат.
Ал эми мышыкты баңгизат ташуучу курьер кылып, түрмөдө отургандар машыктырган экен. Мышыктын канча жолу түрмөгө баңгизат алып келгени белгисиз боюнча калды.
Aryba.kg