Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Электр энергиясынын тарифин көтөрүп, 7-8 миллиард сом чогултсак болот”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Электр энергиясынын тарифин көтөрүп, 7-8 миллиард сом чогултсак болот”

21-март, 19:19
1 962 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Расул мырза, май айында электр жарыгына болгон тарифтер көтөрүлөрү айтылган. Ушул жаатта анын оң жана терс жактарын айтып бересизби?

-- Былтыр, 21-декабрда министрлер кабинети токтом чыгарып, орто мөөнөттүү 2021-2025 жылга чейин деп тариф саясатын бекиткен. Бюджеттик мекемелерге бир киловатт саат үчүн 3 сом 94 тыйын коюлган. Жыл сайын 1-июндан баштап тариф саясатын инфляциянын көлөмүнө жараша көтөрүү жагы бекитилген. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 21-январында “1-майдан баштап электр энергиянын баасы ар бир киловаттка 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт” деп сунушун берди. Бүгүнкү күндө бул маселе коомдук талкууда. Тариф саясаты боюнча айтып кете турган болсок, кайра өзгөртүү киргизүү керек болуп атат. Себеби, 1-июндан баштап инфляцияга байланыштуу тарифтерди кайрадан карап чыгуу маселеси турат. Эң ириде, министрлер кабинети пенсиядан баштап айлык акыны индексация кылуусу керек (инфляцияга жараша көтөрүү жагын карап дегеним). Тариф эмнеге көтөрүлүүдө? Анткени мамлекеттин бюджет тартыштыгын жөндөө иретинде ушундай чарага барып атышат. Ушундан улам жеке өзүмдүн сунушумду айтсам, элге мурунку тарифти калтырып, ал эми алтын чыгарган, темир иштеткен ж.б. кирешелүү компанияларга 2,5 коэффициент кылбай 5,0 кылып, бюджет тартыштыгына кошумча катары 7-8 миллиард сом чогултсак болмок. Менимче, бул жагы туура жана калыс чечилмек. Жөнөкөй жарандарга, анын ичинде пенсионерлерге, бюджетте иштеп аткан кызматкерлерге, пособие алгандарга кыйынчылык жаралмак эмес.    


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер