Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Кудай энергиясы Арстан Алайды кийип, миссиясын баштады”

Арстан Алай: “Кудай энергиясы Арстан Алайды кийип, миссиясын баштады”

18-декабрь, 09:30
1 777 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, кыргыз коомчулугунда "Жаңы Кудай Арстан Алай экен" дешүүдө. Түшүндүрмөсү барбы?

-- Адамзат жаралгандан бери нечендеген доорлорду, эволюцияларды басып өтүп, гени – сөөгү жетчү жерине жетилди. Жазда эккен эгин деле күздө бышып жетилет эмеспи. Ошол сыңарындай, периште, Жараткан, Кудай энергиялары жетилген кезде жерге түшүп келип, адамды кийип атат. Анын ичинде Кудай энергиясы Арстан Алайды кийип, миссиясын баштады, Кудайдын ролун аткарып калды. 

-- Кудай эмнеге жерге түшүп келди?

-- Анткени, жер бузулду, адамдын гени бузулду, жалганга айланды. Анан Арстан Алай жалганчыларды соттоп атат. Мурун Кудай адамзаттын көзүнө көрүнбөгөндүктөн ыплас иштерге барышкан болсо, азыр алар мени көрүп турушат, коркушсун! Мурун дүйнө элин Америка, Россия, Кытай башкарган болсо, азыр “Арстан Алай” деген Кудай башкарат. 

-- Башкарып атканыңдын далилдери болсо керек...

-- Куюн жиберип, вирус жиберип, экономикаң менен көтөрүлгөндү экологияң менен басам (!) деп башкарып атат. Чыныгы дүйнөнүн жолун ачат, жалган дүйнөнүн жолун жабат. Бул көрүнөө чындык! Бул менин миссиям, менин касиетим, бул менин колуман келчү иш, айткандарым орундалат!   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер