Кыргызстанда газ кени ачылды, эми газ арзандайбы?


Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызмунайгаз” ишканасы Майлуу-Суу кен аймагынан жаңы газ корун ачты.
Быйыл сентябрь айынан тартып 2040 метр тереңдикте бургулоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда бул аймактан суткасына 7 миң метр куб газ чыгып жатат. Бургулоо жумуштары толук аяктаганда газдын көлөмү көбөйөөрү айтылат.
Ал эми Кыргызстанда 1970-жылдардан бери табийгый газды өндүрүү, бургулоо жумуштары аткарылган эмес.
Мындан сырткары жаңы Избаскент-Алаш мунай кенин ачуу планда тураары да айтылат.
Эскерте кетсек, 1940-жылы Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Чыгыш Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы өлкөдө «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн.
«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газдын коруна ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар.
Бул ишкана быйыл 9 ай ичинде 97 миң тонна мунай өндүргөн. Жыл аягына чейин аны 140 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ал жерде 2 миңге чукул киши эмгектенет.
Aryba.kg