Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Желим баштыктардан кантип арылабыз?

Желим баштыктардан кантип арылабыз?

02-июль, 20:04
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бирибиздин үйүбүздө желим баштыктар бар. Пакеттерди бизге баардык жерде беришет: дүкөндө, базарда, алтургай конокто. Ушу тапта Бишкек санитардык полигонго күнүнө 1200 тоннага чейин таштанды төгүлөт. Экоактивисттердин эсебинде, алардын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт. Маалыматтар боюнча полиэтилен 100-500 жыл дегенде чирийт. Ага чейин уулуу заттарды бөлүп чыгарып, абага, топуракка, ден соолукка зыян келтирип жата берет. Мындан улам адистер таштандынын баардык түрүн үйдөн сорттоп, кабыл алуу пункттарына жеткирүү зарылдыгын айтышат. Кабыл алуу бөлүмдөрүндө алар пайдалуу тиричилик буюмдарына айланат. 

Жаркын Боромбаева, көз дарыгери:

-- Мен акыркы убакта таштандыларды бөлөм, мисалы, кагаздарды, пакеттерди өзүнчө чогултам. Булар көбүрөөк болуп чогулгандан кийин аны переработкага жөнөтөм. Таштандыны бөлүштүрүп баштаганыма үч жылдын жүзү болуп калды. Мунун эч кандай оорчулугу жок, күнүмдүк турмушта жеңил эле. Биз чай, тамак ичип, суу ичкен сыяктуу эле күнүмдүк адат болушу керек. Мына, аллергия, бронхиалдык астма көбөйүп жатат. Өзүмдүн кесибим боюнча мен офтальмологмун, бизге да аллергия болгон адамдар келет, көздөрү кычышат. Таштанды полигонго да барып, өз көзүм менен көрүп, ошондо ойлонуп баштадым. Биз таштандыны челекке салып коюп эле, андан аркы жашоосун ойлонбойт экенбиз.


“Бивтор” заводу желимдин баардык түрүн иштетет

Бишкек шаарында желим баштыктарды иштеткен 100дөн ашуун ишкана бар. Алардын бири “Бивтор”. Завод жылына 300 тонна желимди кайра иштетет. Пакеттер бир жарым күндө даяр продукцияга айланат. Таштандыны сорттоп, кайра иштетүү парник газдарын азайтат. 


Медер АширалиевБивтор компаниясынын директору:

-- Биздин компания жалпысынан желимден суу куюучу буюмдарды өндүрүү менен алектенет, кичинекей түтүкчөлөрдөн баштап, чоң 5 тонналык идиштерге чейин. Биздин продукциялар жасалган сырье толугу менен полиэтиленден турат. Айрыкча биз экинчи ирет иштетилген сырьего басым жасайбыз. Баардык тиричилик жана катуу калдыктар жаратылышта чирибейт жана жалпы планета үчүн зыян алып келет. Бул өтө чоң көйгөй, ал эми биздин компания 100 жылдан 150 жылга чейин чирий турган желимдерди бир жылда кайра иштетип, андан керектүү буюмдарды жасоо менен жалпы жаратылышка пайда келтирип жатабыз. Шаардыктардын дээрлик таштандысы полигонго төгүлгөндүктөн, ал акыркы 10 жылдан бери тынымсыз күйүп, абаны булгап келген. 

Нурлан Жумалиев, Бишкектеги санитардык полигондун директору:

-- Бүгүнкү күндө Бишкек санитардык полигондогу өрт толугу менен өчүрүлгөн. ЕРӨБнын долбооруна ылайык, жаңы полигондун 90 пайызы бүтүп калды, ушул жылы аны толугу менен аяктайбыз. Учурда полигонго күнүнө 1000-1200 тонна таштанды келип жатат. Жаңы санитардык полигон булганган суюктуктарды жер астындагы сууларга өткөрбөй турган гидроизоляция системасы менен жабдылган.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер