Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чала молдолор радикалдуу... Үлгүсүн Нуржигит Кадырбеков көрсөттү

Чала молдолор радикалдуу... Үлгүсүн Нуржигит Кадырбеков көрсөттү

14-январь, 16:35
2 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түпкүлүгүндө чала молдоке, дааватчы саясый-маданий иштерди аркалай албасын турмуш далилдеп турган чак. Маселен, Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министрлигине келгени артынан чыр-чатак басылбай, иш билбей коомчулук астында уят болууда. Тили сайраганы менен реалдуу көрсөткүчтөн аксап, өзүнө тийешелүү маселелерди чече албай, соцтармакта талкууга калып, нааразычылык жаратты. Башта “опера-балет кыргыздардын менталитетине туура келбейт" деп уят болгон. Маданияттын бул тармагын мусулман өлкөлөрү көтөрүп атканы менен иши жок. “Чала молдо дин бузат” дегендей, көөдөнү караңгы болсо, алысты көрө алмак беле? Эми Курал менен Кайраттын сыйлыктарын алып салып, балээге калды. Ырчылар сөгүнсө эскертүү берип, “дааватын” айтып койгонго жараган жок. Себеби, динге ашыкча малынгандар радикалдуу чечимди чыгарганга сугарылып калышары ушулбу? Айтор, учурда көпчүлүк маданият өкүлдөрү Нуржигитке нааразы, себеби, бул эргул аталган тармакты түшүнбөй, тескери теминип атканы кыжырды кайнатып жатыптыр. Алдыда министрликтен кетирүү иш-аракеттери дагы уланмакчы. Тармакты түшүнбөй эле сагызгандай шакылыктай берсе ким сүйсүн?..


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер