Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ири ишкерлердин салык төлөбөгөнү, аларга чара көрүлбөгөнү элди иренжитүүдө”

“Ири ишкерлердин салык төлөбөгөнү, аларга чара көрүлбөгөнү элди иренжитүүдө”

11-январь, 23:16
3 456 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт элден жана мекемелерден республикалык бюджетти колдоо максатында атайын эсеп ачууну көздөөдө. Бул боюнча тийешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мавлян Аскарбеков, Биринчи Май районунун акиминин орун басары:

-- Бюджеттик дефицитти толтуруу максатында элден акча чогултуу болбогон аракет. Башка өлкөлөрдөн ай сайын кайыр суроо да мамлекетибиздин эгемендигине шек жаратып, көз карандылыкка алып келет. Көмүскө экономика, салыктан качуу, бажыдагы коррупция, кен байлыктарды иштетүүдөгү коррупция сыяктуу ички маселелерди чечүү зарыл. Коррупция менен күрөшүү керек, бирок ошол коррупциялык схемаларды түзүп жүргөндөрдү кызматка коюу – баарын жокко чыгарып жатат. Карапайым эл эртеден кечке иштеп, патентин, салыгын төлөшөт, бирок ири коррупционер ишкерлер салык төлөбөгөнү, аларга чара көрүлбөгөнү, “күрөшөбүз” дегендердин ортодон пайдаланып жаткандыгы кичине Кыргызстанда тез эле элге жетип, көпчүлүктү иренжитүүдө.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: 

-- Бул айла кеткендеги аракет. Өкмөттүн мындай аракет кылууга укуктары бар. Себеби, экономика менен бюджет талкалануу абалына такалды. Бюджетти колдоого ички да, сырткы да ресурстар жок. Эми ушинтип элге кайрылып, фонд ачууга айласыз болуп атат. Бирок, маселе муну менен чечилбейт. Себеби, элдин деле чөнтөгү жука. Жалпысынан айтканда, жакырчылык деңгээлинде жашап жатабыз. Оор абалдан чыгуунун жолу  коррупцияны жоготуу.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер