Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте үйлөнүү кортежине чыккан жигит ок аткан

Бишкекте үйлөнүү кортежине чыккан жигит ок аткан

06-декабрь, 09:33
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, 5-декабрда Бишкектеги Ч.Айтматов көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде күндүзгү саат 13төр чамасында Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айнегинен башын чыгарган жүргүнчү асманга ок атканын видеокамерага тартып алышкан.

Видео ошол замат интернетке тарап, милиция издөө жарыялаган. Ок аткан айдоочу тууралуу 102 номерине да кабарлашкан. 

Милиция мындай факты болгонун тастыктап, унаа үлпөт кортежине чыкканын билдирди. Бул Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Эреже бузган адамга издөө жарыяланып, ал тез эл кармалды. Натыйжада 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран экени белгилүү болду.

Кармалган адамдан "МР-371" үлгүсүндөгү сигналдык тапанча алынган. Анын огу жок болгон.

Aryba.kg

 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер