Акыркы кабарлар
» Саясат » Коррупцияга шектүү Эмил Жамгырчиев менен “Альянс” партиясы сыймыктанса уят!
Коррупцияга шектүү Эмил Жамгырчиев менен “Альянс” партиясы сыймыктанса уят!
15-октябрь, 11:24
2 678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Аксынып, өздөрүн таза партия катары жар салып атышкан “альянсчылар” кичине жерге түшүп коюшса. Булардын катарындагы Эмил Жамгырчиев аттуу кечээги финполдун орун басары бар, бул эргулдун элди эзгени, коррупцияга, паракорчулукка айыпталып, түрмөгө отуруп чыгып, “кусканы” жагынан эмнеге үн катышпайт? Оор кылмыштарга чалынса, анан эл өкүлү болууга удургуй береби? Жо-ок, калк тараза, алдаркөсөлүк амалдар өтпөйт! Аныгында, “Альянс” партиясы былтыркы “Бир Болдой” өтпөй каларын алдыртан сезип, курамы менен чатак чыгарууга, туруктуулукту бузууга ашыгышып, сырткы байланыштар менен иштеп атышабы? Көрө жатабыз. Тагдырыбызды жамы журт чечет. Текирең таскактын заманы өттү.
"Азия Ньюс" гезити