Ар бир үйдө “токол” болсо, жашоо жеңилдейт
Жумушума байланыштуу үйгө дайым кеч келчүмүн. Келинчегим да кеч кайтат. Үйгө келгенде эле тынч отуруп калмай жок. Балдарды карамай, тамак жасамай, кир жуумай, үй жыйнамай, кыскасы, үйдүн түйшүгү… Бир күнү адаттагыдай эле убакта үйгө келсем келинчегим менден 15 мүнөттөй эрте келип кир жууп атыптыр. Кирпигинен тартса жыгылчудай, байкушум… Жүзүнө үңүлө карадым да, “качанга чейин ушинтип кыйналасың? Ишиңди жыйыштыр, же болбосо токол алам” дедим. Мени таңкала карап, “ал каякта жашайт алсаңыз? Үйүбүз тар эмеспи?” деди. “Батышабыз” деп койдум. Эртеси чалдым да, “бүгүн үйгө эртерээк бар, сага күндөш алпарам, даярданып тур” деп телефонумду өчүрүп койдум. Кайра-кайра чалып атты. Трубканы көтөргөн жокмун, 33 кабыл алынбаган чалуу болду окшойт. Кыскасы, күн өттү...
Күндүз “токолду” “бүгүн кечинде үйгө барабыз, күндөшүңдүн айтканынан чыкпайсың, кызматын кыласың” деп сүйлөшүп койгон элем. “Атасына” 22 миң сом калыңын да төлөдүм. Кечинде таксиге салып алып үйгө алпардым. “Басалбайм, кантип киребиз үйүңүзгө?” дегенинен таксист экөөбүз ынабаганына карабай төртүнчү кабатка көтөрүп чыктык тердеп-тепчип. Эшикти такылдатсам дароо ача койбоду. Көпкө такылдаттым. Ачпайт. Тепкиледим... Акыры ачты. Келинчегимдин көздөрү шишиген, ыйлаган окшойт го чамасы. “Күндөшүң келди, тосуп ал” десем, дулдуңдап аркы бөлмөгө кирип кетти. Таксист экөөбүз “токолду” эптеп алып кирдик да, жуунуучу бөлмөгө жайгаштырдык. Жибинен кармап токко сайып, куйругун канализацияга улап, таксистти жөнөтүп ийдим да, “кемпии-ир, кел эми, күндөшүң кызматыңа даяр” деп келинчегимди жетелеп келип, автомат кир жуучу машинаны көрсөттүм. “Жинди, жиндии!” деп бир күлүп, бир ыйлап кучактап калды. Ошондон бери үйдө “токол” кызмат кылат.
"Азия Ньюс" гезити