Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Парламентте өкмөттү кетире турган күч болгондо, башкача иш кылмакпыз”

Тазабек Икрамов: “Парламентте өкмөттү кетире турган күч болгондо, башкача иш кылмакпыз”

02-июль, 18:17
3 517 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта эле көп келишимдер кагаз жүзүндө калып, биздин ишкерлерге чоң тоскоолдуктар жаралып атканын айттыңыз. Эмне себептен мындай болуп атат дейсиз?

-- Бул маселелер министрлер кабинетинин иш алып бара албай атканынан улам келип чыгууда. Баардык мамлекеттер менен сүйлөшүп, ошол жердеги келишимдерге ылайык иш жүрүшү керек да. Аны ишке ашыра турган өкмөт болушу зарыл. Ал эми биздин өкмөт эч нерсе кылбагандыктан, ишкерлердин көйгөйү күн сайын көбөйүүдө. Азыркы мезгилде эле азык-түлүк ушунча кымбаттап атат, күз-кыш мезгилинде мындан да каатчылык болушу мүмкүн. Бир эле бензинге карата бааны алсак, Кордай менен Кыргызстандын ортосунан 20 сомго чейин айырмада сатылат. Буга кошумча дыйкандардын көйгөйү, чек ара маселелери чечилбей калууда.

-- Демек, өкмөт өз ишин аткара албай жаткан экен да. Буга байланыштуу алардын ишмердигине каршылык көрсөтөсүздөрбү? 

-- Бул маселелер жалпы жыйында каралат. Бирок, депутаттар өкмөткө маселе койгондо деле эч нерсе өзгөрбөйт да. Татыктуу кадрларды тандоо, аларды иштетүү биздин колубузда эмес. Ошол өкмөттү сынга алып, чече турган адамдар караш керек эле. Биз болгону эл ичиндеги көйгөйдү жеткире алат экенбиз. Парламентте өкмөттү кетире турган күч болгондо, башкача иш кылмакпыз.

-- Эми Кумтөр маселесине байланыштуу депутаттардын суракка чакырылышы, айрымдарынын камалышы тууралуу да пикириңизди уксак?

-- Бул ишке кимдин канчалык тийешеси бар экенин тергөө чечет. Бирок, менин айта турганым, Конституцияда депутаттын кол тийбестиги каралган. Мен азыркы кездеги эл өкүлдөрү жөнүндө айтып жатам. Аларды камакка алганы мыйзамга туура келбейт. Анүстүнө аларды күмөн саноо менен эле жаап атпайбы. Буга байланыштуу мен тийешелүү органдарга протоколдук тапшырма бергем. Бирок, эмненин негизинде камакка алынганы тууралуу эч ким түшүндүрмө берген жок. Убагында мыйзамсыз камоолорго кабылганы үчүн бүгүнкү бийлик элдин колдоосуна татыды. Ошондуктан баары мыйзам чегинде жүрсө туура болмок...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер