Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

06-октябрь, 12:06
1 523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

5-6-октябрдагы окуяларды баяндаган "Адилет" телесериалы КТРКнын эфиринен алынды. Бул туурасында ырчы Анжелика билдирип, сериалды эфирден алуунун себеби белгисиз экенин жазды. Ал өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады:

“24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белгисиз себептер менен алынды. Себептерин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюуңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдыңдаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок биздин максат милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтарыбызды, даттанарыбызбы билбей отурабыз.

Азыр биз, жаштар элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз. Башка өлкөлөрдө ээнбаштар менен күрөшүү үстүндө – ажолору тасмаларды буюртма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет. Биз миң эшикти каккыладык, бир дагы патриотту таппадык! Баары "акча таппасаңар, эмне кыласыңар милицияны мактап тартып" дегенине карабастан аягына чыктык.

Жаман милиция кайдан пайда болот? Аны кандай жепжутарлар жаратат? Баары эле сатылып кеткен эмес. Ачуу чындык, кыйынчылыктар! Кызмат өтөп жатып курман болгондор тууралуу сериал. Бир тамчы дагы милицияга болгон терс пикир жок!

Бир ай мурун ички иштер министри, орун басары болуп тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону “жаңы имараттарды кошкула” деген сөз болгон. Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт?Мен өз чөнтөгүмдөн 30 миң доллар акча сарптадым” деген ал.

Ал эми ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан тыюу салбаганын белгилешти. “Биз бул сериал боюнча милициянын кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор боюнча гана өз пикирибизди билдиргенбиз. Эфирден алып салгыла деген болгон эмес” дешет.

Белгилей кетсек, "Адилет" телесериалы 4-октябрдан тартып КТРК телеканалында жана ETNOMEDIA Youtube каналында көрсөтүлө баштаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер