Келинчегим эки бала төрөсө да сүйө албай койдум...


Биз баш кошконубузга төрт жыл болду. Кудайга миң мертебе шүгүр, экөөбүздүн ортобузда эки наристебиз бар. Бирок жүрөгүмдүн бир бурчун эзген сырды эч кимге айта албайм келем.
Келинчегим мени жүрөгү менен сүйөт, муну анын көз карашынан, камкор мамилесинен күн сайын сезем. Мен болсо аны сыйлайм, урматтайм, бирок ошол түбөлүк сүйүүнү, жылуу сезимди таппай келем...
Башында таанышып жүргөндө «өзүңөр чечкиле» деген сөзгө карабай, ортого түшкөн бирөөлөрдүн кебин эки кыла албай, макулдугумду берип салганым өкүндүрөт. Азыр да эсимден кетпейт. Өз чечимимди өзүм чыгара албаганыма ичимден күн сайын кайгырам.
Келинчегим бул туюмду сезип жүргөнүн да байкайм, айласыздык. Бирок унчукпайт, мен да ачык айта албайм. Эки баланын атасы болгонума карабай, жүрөгүмдөгү ошол боштук мени кыйнап келет...
Бектур











