Акыркы кабарлар
» Саясат » Медербек Сатыевге президенттин администрациясы көңүл бурушу керек го...
Медербек Сатыевге президенттин администрациясы көңүл бурушу керек го...
27-июль, 20:13


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев кол алдындагыларды канчалык урушпасын, алар тоготпогондой мамиледе жүрүшкөнү кандай? Бул жагы шакабага да айланып бараткандай... Жыйындарын көрүп калабыз, төрага көздөрүн тостойтуп алып, ачуу тилин агытып, баарын кагып-силкип, “тизип” аткандай элес калтырат. Каары укмуш. Бирок жыйынтык жокпу? Баягы эле соттор да... Ошондо кандай? Медербек Сатыев абага эле айкырып калганбы? Натыйжасы чыкпаса президенттин администрациясы көңүл буруш керек го...











