Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арабызда гепатиттин оор түрүнө кабылган жүз миңдеген адамдар бар

Арабызда гепатиттин оор түрүнө кабылган жүз миңдеген адамдар бар

29-ноябрь, 17:10
1 399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гепатит дартынын оор түрүнө чалдыккандар учурда өлкөбүздө миңдеп саналат. Мындай дарттын В түрүнө чалдыккандар болжолдуу түрдө 300 миң адамды түзөт. С түрүнө чалдыккандар 101 миңдей. Дарыгерлердин арасында мындай дарт менен иштеп жаткандардын саны үч миңге жетет. 

Аталган дарт Орусияга салыштырмалуу биздин өлкөдө 55%га, коңшу Казакстандан 44%га жогору. Бүгүн гепатит менен күрөшүп, вакцинация кылууну колго албаса, 2040-жылы каза болгондордун саны ВИЧ, туберклездон да эки эсе өсүп кетүү коркунучу бар. Гепатит көбүнчө тиш дарылоочу жайлардан, чачтарач жана сулуулук салондорунан жугат.

Сапарбү ТОБОКАЛОВА, гепатолог: “Бейтаптар жеке клиникалардан гепатит дарты көп жугарын айтышууда”


Аталган оору тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор жана гепатолог Сапарбү Тобокалова төмөндөгүлөргө токтолду.


-- Гепатит илдети эмне аркылуу жугууда?

-- Элдин көбү гепатит А түрүн билишет. Ал кол жуубагандан, сүлгү, идиш-аяк, тамак-аш, оюнчук жана башка аркылуу жугуп калат. Бирок, анын бир өзгөчө жери, өнөкөт гепатитке өтпөйт. Мурун бул оорунун түрү менен жаш балдар көп ооруса, азыр чоңдор дагы ооруй башташты. Бейтаптардан “бул оору сизге кайдан жукту деп ойлойсуз?” деп сураганыбызда, тиш дарыгерлерин айтып жатышат. Мунун канчалык чындыгын аныктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүдөбүз. Бейтаптардын айткандарынын дагы жөнү бар. Азыр хирургия бөлүмүнөн, төрөт үйлөрүнөн жуктуруп алгандар азыраак болуп калды. Себеби, алар мамлекеттик мекеме болгон үчүн көзөмөл жүргүзүлүп, дыкат текшерилип турат. Стоматологиялык клиникалардын көпчүлүгү жеке менчик болгондуктан, ал жерлерде текшерүү солгун жүрөт деп ойлойм. Мындан тышкары, жыныстык катнаш аркылуу жуктурууда. Үй-бүлөдө эгер аял же күйөөсү ооруп калса, канында вирусу көп болсо ал бири-бирине жугушу мүмкүн. Дагы бир масселе, илгери сойкулук дегенди уккан дагы эмеспиз. Азыр өзүнчө эле адистик болуп калды. Тилекке каршы, ал жактан жуктуруп алгандар көп болуп жатат. Баңгизат, ийне колдонгондордун 80 пайызы гепатит менен жабыркашат. Аларга “сага гепатит жугуптур” деп айткан менен деле дарыланышпайт. Себеби, баңгизаттарды пайдалангандарга эл аралык фонддор көп жардам бергендиктен, аларга таянышып, өздөрү акы төлөп дарыланышпайт. Бул Кыргызстандагы чоң көйгөлөрдүн бири.

Нуралы БАЗАРБАЕВ, стоматолог: “Ар бир клиниканын жетекчисинде чоң жоопкерчилик болушу зарыл”

-- Стоматологиялык бейтапканаларда гепатит дартынын түрлөрү тез жугары айтылууда. Сиздерге жаш балдарды да көп алып барышат. Дарт жуктурбоо үчүн кандай чараларды көрөсүздөр? 

-- Ар бир клиниканын жетекчисинде чоң жоопкерчилик турат. Бир эле гепатит эмес, жалпы жугуштуу оорулардын коркунучу бар. Дарыгер Гипократтын антын бергенден кийин дайыма аспаптарын таза кармоосу керек. Эгерде аларга көңүл бурбай, эптеп эле акча үчүн иштеп, “эмне болсо ошол болсун” деп көз жумуп караса, дарыгерлердин көз карашы туура эмес болсо, жугушу мүмкүн. Чет мамлекеттерге конференцияларга көп барып, докладдарды көп угабыз. Ал жерде жугуштуу оору менен ооруган адамдын канын башка бирөөгө куйганда жугат (!) деп айтышат. Ар бир адамдын жоопкерчилиги өз колунда. Адамдын тагдыры, ден соолугу менен иштеп жаткан дарыгер баарына жоопкерчиликтүү болуш керек. Бул бир гана мамлекеттик бейтапкана эмес, “мен дарыгермин” деп, ийне, кан менен иштеп жаткан медайым дагы так, таамай иштеши зарыл. Экинчиден, ар бир кайрылган бейтаптан “оорулуу эмессиңби, мурда кайсы оорулар менен ооругансың?” деп сурап, ар бир бейтап келип кеткенден кийин колдонгон шаймандарды көзөмөлдөйбүз. Тазалоодон өткөрөбүз.

Жеке менчикке деле “аспаптарды жакшы көзөмөлдөйлү, таза кармайлы. Элге жакшы мамиле кылалы” деп чыкканбыз. Тазалыкты сактабасак, биздин бейтапканадан бирөө дарт жуктуруп кетсе, бизге эле көө сыйпалат да. Антиреклама жүрөт. Мен башкалардын ишканасына жооп бере албайм, бирок өзүбүздүкү үчүн жооп берем. Тиштин жүздөн ашык аспаптары бар. Эң күчтүү, коркунучтуу дарт гепатит болуп жатат. Албетте, биз абдан сактанабыз.

“Мага окшогон жүз миңдеген адамдар бар”

Нурказы Батырбеков башына таш тийип ооруканага кайрылган. Ошондо ушул гепатит дартын ооруканадан жуктуруп алган. Андан бери дарылануунун жолдорун издеп, бир нече чоң мамлекеттерге барган. Ал жакынкы күндөрү эле ЖКнын жыйынынан бийлик башындагыларга кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду. “Мен адаммын, тишимди жулдурам, бир жерим кесилип калат. Мен дартты жуктуруп жатам. Мага окшогон жүз миңдеген адамдар бар. Ошону ыйлап-боздоп айткым келет. Дарттан коргонуш үчүн вакцинация кылдыргыла. Мамлекет өз мойнуна алып, жалпы элге вакцинация жүргүзүш керек. Гепатит Д дартына чалдыккандан бери болгон байлыгымды жумшадым. Барбаган мамлекетим калган жок. Мен “боорумду алмаштырганга акча бергиле” деп суранган жерим жок. “Элге вакцинация кылгыла, акчасы жок, дарты күчөп бара жаткандарга жардам берип койгула. Алар каза болуп калып жатат” деп күйүп-бышып айтты.

    Биз Нурказы БАТЫРБЕКОВго айрым суроолорубузду узаттык.

-- Сиз Жогорку Кеңештеги сөзүңүздөн кийин жылыштар болдубу? Дартка чалдыгып иштеп жаткан дарыгерлерге текшерүү жүрдүбү?

-- Бир жарым жылдан бери какшап, бул боюнча бийликтегилерге жеткире албай келем. Мен ЖКдан бийликтелирге кайрылгандан бери бир жума өттү. Эч кандай жылыш болгон жок. Болгону бир комиссиядан бир комиссияга өткөрүшөрүн айтышты. 

-- Сиз козгогон вакцинация боюнчачы?

-- Мен чуркап жүрөм. Бирок таптакыр эле жылбай жатат.


Гепатит деген эмне?

Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт.

Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.


Оору кандай жол менен жугат?

Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.

Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.

Мисалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасоочу жана тиш жулуучу каражаттардан жугат. Ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу да илдеттин бул түрүнө кабылып калуу мүмкүн.


Сөз соңу

Бул дартты жуктуруп алуу коркунучу абдан чоң. Бейтапканалардан, сулуулук салондорунан, чачтарачканалардан тазалыкты, тактыкты талап кылып, арзаныраагына эмес, сапаттуусуна кайрылып, өзүбүздүн ден соолгубуз үчүн кадам сайын күрөш жүргүзбөсөк, сактанбасак, коркунучтуу доордо жашап жаткан учурубуз.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити



 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер