Канат Хасанов менен “погончон күркүлдөрдөн” Улан Аалиев өч алабы?


Алдамчылыкка айыпталган Асыл Талиповнанын адвокаты катары Канат Хасанов катуу иштеп, Октябрь РИИБнин начальниги Улан Аалиевди каматууга салым кошкону айтылып келет. Эки тараптын талаш жагдайы акырындык менен ордуна келип, убакыт таразалаганы калды. Улан Аалиев иш жүзүндө Асыл Талипованы убагында камаганы үчүн “жыландын куйругун” басып, таасирдүү погончондорго жакпай калуу менен азап тартып отурабы? ИИМдин орун басары Эркебек Аширходжаев баштаган “күмөндүү күркүлдөр” убалына калганбы? Бул жагынан жакында кызык маалыматтар чыкчудай. Полковник Улан Аалиев түрмөдөн чыгып, Асыл Талипованын оппозиционер адвокаты Канат Хасановду, о.э. бир топ погончондордон өч алабы? Албетте, мезгилдин шарына жараша ушундай кептер удургуп турган чагы...
"Азия Ньюс" гезити











