Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Ал мыйзамды кароодо мазмуну боюнча чыр болот”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Ал мыйзамды кароодо мазмуну боюнча чыр болот”

06-сентябрь, 09:55
352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Баягүнү бир мыйзам долбоору комитетте сиздин сунушуңуз боюнча каралбай калды. Аны кароого эмне себептен каршы болдуңуз?

-Бузуулар боюнча кодекске өзгөртүүлөрдү айтып атасызбы? Биз долбоордун мазмунун караган жокпуз, ага жете элекпиз. Баяндамачы маданият министринин орун басары экен. Ошондуктан, мен бул мыйзамды кабыл алуунун тартибине туура келбейт деп каршы болдум. Айып пулдарды эч качан маданият министрлиги сунуштабайт. Эгер эстеликтерди бузуп, талкалагандыгы, концерт залындагы креслолорду сындыргандыгы боюнча сунуш беришсе, анда түшүнүктүү эле. Ошондо деле юстиция министрлиги, же ИИМ даярдап бериши керек. 

-Бирок, алардын маалымат министрлиги деген макамы бар да?

-Туура. Алар демилгечи болушу мүмкүн, бирок баары бир бузуулар боюнча мыйзамга тийиштүү орган гана баяндамачы болушу керек. Ал жерде интернеттеги абройго шек келтирген маалыматтар үчүн айып пулдарды бир топ эсеге көтөрүү сунушталууда. Түшүндүрүп беришсин да, бирөөгө оозеки шек келтирсең 5 миң сом, интернет аркылуу шек келтирсең 100 миң сом айып сунушталат экен. Мыйзамда бирдиктүү система болушу керек. 

-Анда мыйзамдын мазмуну боюнча деле талаш-тартыштар бар турбайбы?

-Жогоруда айтпадымбы, биз али мазмунуна жете элекпиз. Мазмуну боюнча чыр болот. Бирок, менин кесиптештерим колдоп добуш беришет болуш керек. Себеби, силер бизди каалагандай тепкилеп атпайсыңарбы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер