Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Соке командасы менен Кой-Таш окуясы боюнча жооп берсин!”

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Соке командасы менен Кой-Таш окуясы боюнча жооп берсин!”

26-июнь, 09:00
1 025 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мээрбек, Кой-Таш окуясы эмнеге тынчып калды?

-- Кой-Таш окуясына 4 жыл болду. Бул убакыттан бери башы бар, аягы жок болуп эле келатабыз. Улуу Ата мекендик согуш 1941-жылы башталып, 1945-жылы бүткөн. А биздики андан да өтүп кетти окшойт. Бул боюнча КР президенти Садыр Жапаровдун наамына кат жазганбыз. Кудай буюрса, оң жагына чечилип каларынан үмүт кылып, күтүп атабыз. Анткени, Кой-Таш окуясында болуп аткан соттук иштер оюн болуп, президентке баардыгы толук жетпей атса керек. Чын-бышыгы жетип калса, президент өзү чекит коёт деген ишеним бар. 

-- Чекит кантип коюлат?

-- Баардыгы келип Сооронбай Жээнбековго, Кашкар Жунушалиевге, Орозбек Опумбаевге, Алмамбет Салиевге, Өткүрбек Жамшитовго такалууда. Ушул адамдар келип суралып, кечирилгис күнөөлөрү сот аркылуу далилденет (!) деп турабыз. 

-- ИИМ жана УКМК кызматкерлери толугу менен суралып бүттүбү?

-- Алардын баары келип, сотто биз тарапка “эч дооматыбыз жок” деп көрсөтмө беришти. Дагы бир жолу айтайын, баардыгы келип Сооронбай Жээнбековдун командасына такалды. Кой-Таш окуясына байланыштуу сот ишине адилеттүү чечим чыгат деген терең ишенимдебиз! Акыры Соке жанжөөкөрлөрү менен жооп берет...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер