Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Миңдеген адамдардын арасындагы жалгыздык....
Миңдеген адамдардын арасындагы жалгыздык....
29-ноябрь, 11:51


“Адамдар канчалык көп болсо, ошончолук байланыш азаят” деген кеп бар. Миңдеген адамдардын арасында жапжалгызсың. Сенин тереңдеги алпурушкан ойлоруң менен бөлүшүп, жашоо турмушуңа багыт берген эч ким жок. Кээде өзүң менен өзүң баарлашасың. Өзүңдөн кеңеш сурайсың. Тирүүлүк сапарың карып баратат. Азайып баратат. Бирок, дале жалгызсың. Бир гана табигат сага дос болот. Жаздын жамгыры, жалбырактар жамгыры, көл толкуну, аппак дүйнөгө айланган сыйкырдуу кыш, дуулдаган шамал сенин жалгыздыгың менен ой бөлүшөт. Кээде жалгыздык капалантканы менен кээде укмуштуудай ой сүртүмдөргө, кыялдарга жетелейт. Жалгыздык кээде ыйлатса, кээде сага керек. Бул тирүүлүк ирмеми...
"Азия Ньюс" гезити











