Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

31-август, 15:17
1 458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” 

(Уңгу жолунун контекстинде)

I. Эркиндик уңгу жолунун эстафетасы же Айкөл Манастын ак калпак элдин тагдырында ойногон ролу

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунда “Манас” үчилтиги жарандарыбызга рухий азык, тарыхый жана философиялык таяныч болуп, багыт, дем, кубат берүүчү булак катары аныкталган. Бүгүнкү турмушубузга багыт, уңгу жол болуп берүүчү баалуулуктарды, нарктарды, жолчырактарды камтыган “Манастай” улуу мурасыбыз бар экени биз үчүн сыймык. Эмесе “Манас” эпопеябыздын ошондой улутка омок, таяныч, жолбагыт болуп бере турган кээ бир уңгулуу нарктар, дөөлөттөр жөнүндө сөз кылалы.

Туура, Ата журтуң бар, элиң бар. Бирок бул экөөнүн бакубаты үчүн бир чоң нерсе зарыл экен. Ата журтуң азаттыкта, элиң көз карандысыздыкта, эгемендүүлүктө болсо гана элиңдин, жериңдин маани-маңызы да, көркү да, бактысы да болот экен. 

“Манас” эпосунда жоокер кыргыз эли «бөрү жалдуу кабылан», ал эми Манас болсо «арстан», «ала барчын бүркүт» делип мүнөздөлөт. Чын эле кыргыздар тоо бүркүтү сыяктуу эркиндикти сүйгөн эл. Тоо бүркүтү башына томого кийгизилишин каалабайт, чырганын туткуну болгусу келбейт. Дегеле, байыртан берки тарыхыбызга карасак, чоочун үстөмдүккө баш ийбеген бунтарлык, моюн толгоп, каяша айткан кайраткерлик кыргыздын социалдык мүнөзүндө илгертен бар экендигин байкайбыз. Биздин замандын VII-VIII кылымдарынын чектеринде көк түрктөрдүн империясынын үстөмдүгүн кабыл албай, ага каршы тымызын козголоңду даярдап жаткандыгы үчүн кыргыз каганы Барсбек империя күчтөрү тарабынан капысынан түн ичинде өлтүрүлгөн (711-жыл). Көк түрктөрдүн империясы кулагандан кийин анын ордуна орногон уйгурлар империясынын кулчулугуна каршы 20 жыл бою күрөшүп, акыры ал империяны кыйраткан да кыргыздар болгон (840-жыл). Ата-бабаларыбыз чоочун күчтөргө сурак берип жашаган кулчулуктан керек болсо өлүмдү артык көрүшкөн. Мына ошондуктан элибиздин ичинде “Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт”, “Эр – намыстын кулу”, “Колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек”, “Мал сактаба – ар сакта”, “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү”, “Баатыр намыс үчүн төрөлүп, намыс үчүн өлөт” деген макалдар жашап калган. Элибиз мындан 2000 жыл илгери кыргыз атагын алып, тарыхый майданда пайда болот. Ошол күндөн тартып, ал боштондук үчүн миң-миңдеген жоолор менен беттешип келген.

Кытайдын жана арабдын байыркы тарыхчыларынын сүрөттөшүнө караганда, кыргыз эли боштондукту сүйгөн, жоодон коркууну өлүм менен бирдей көргөн каарман, баатыр эл болгон. Байыркы кыргыздардын мыйзамы урушта жоодон корккон аскердин башын кесүүнү талап кылган. Кыргыз эли боштондук үчүн кытай феодалдарына, монгол хандарына, түрк каганатына жана башка залим падышаларга каршы эки миң жыл ичинде токтоосуз күрөшкөн эле. Кыргыз эли тарыхта дүйнөнү титиретип, эл-журтту канга батырып кеткен гунндарга, түрктөргө, Чыңгызхан баш болгон монголдорго бой бербестен, дайым көтөрүлүштөрдү чыгарып турган. Дүйнөнү титиреткен монголдор да кыргыздардын тайманбас эрдигине таңкалып, аларды “Могулустандын жапайы арстандары” деп аташканы эсибизде. Түрк кагандары болсо “биздин эң күчтүү душманыбыз кыргыздар эле” деп моюнга алышкан. Элдин улуу эпосу “Манаста” да кыргыздардын душмандары бул элдин айбатын, салтанатын көргөндө таңкалгандыгы айтылат. Кыргыздын колун “Бадана кийген баатырлар”, “Соот кийген сонундар”, “Айбатына жан тургус”, “Болот туяк ажыдаар” деп сүрөттөшөт. Кыргыздын эр жигиттери дайым “Эл четинде, жоо бетинде” болуп, каармандыктын, баатырдыктын үлгүлөрүн көрсөтүшкөн”. (Рахматуллин К., Улуу патриот, укмуштуу Манас. 5-6-беттер).

Ушул патриоттук ар-намыстын нугунда дагы ойлонсок, анда сөзсүз улуу Манас атабыздын өзүнө келип такалабыз. Азыркы эле “Баатырдын баш ийгени – өлгөнү” деген макалга карасак, Манас атабыз ушундай нуктагы ишеними жана жүрүм-туруму жагынан бала кезинен эле айырмаланган.

Бала баатыр Манастын кабары Бээжиндеги император Эсенканга жетет. Калмактын Тагылык дегени «баатырдын баарын сомдоду, балбандарың сойлоду, Манас бирин да тирүү койбоду» деп жамандап жеткирип барат. Ачуусу келип, жини кайнаган Эсенкан «айласын тапсаң жайлап кел, айлалуу болсоң Манасты, акыры тирүү байлап кел» деп Дөөдүр алпты, Кайчы кулак каман алпты, Жолой балбанды баш кылып, Алтайга аскер жөнөтөт. Жолой дөө-шаалары менен Алтайдагы азганактай кыргызга заматтын ортосунда каптаган селдей кирип келет. Ошондо коркконунан сакал, чачы бириндеп, тула-бою дирилдеп, Жакып чал Манаска: «Айтканына көнөлү, Алтайдан күткөн сан кара, баарын тартуу кылып берели» дейт. Ошондо Манас Жакыпка мындай дейт: “Кокуй, ата, не дейсиң? Жоого намыс бергенче, ажалым жетсе өлөйүн, малым менен жанымды, олжого кантип берейин?! Өлбөй тирүү жүргөндө, не мураска жетейин? Калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин. Найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам!” Мына ошентип жаш Манас жоо-жарагын байланып, кырк жолдошу менен кытай, калмакка кыргыйдай тийип, өзү келип катылган жоонун ташталканын чыгарат.

Жалпы журттун өзөгүн тепчип өткөн, аны ичтен чыңап, чыйралтып турган өзөктүү, чордондуу идеялары бар болгону үчүн кыргыз эли эзелтеден бери карай эл болуп жашап келе жатат. Ошондой кыргыз элинин тээ байыртан бери карай көңүлүнүн түпкүрүндө, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, туу тутуп келаткан, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык идеясы – бул ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, Ата журттун көз каранды эместигинин, боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн идеясы. Манас доорунда дал ушундай идеялык-моралдык абсолютту, улуттук эң жогорку дөөлөттү көкүрөк-көөдөнүндө, жүрөгүнүн толтосунда көтөрүп жүргөн Манас баатырдын өзү болгон. Манас тарыхый доорлордун бир тилкесинде жашаган тарыхый инсан экендиги шексиз. Манастын өмүр баяны, баатырдык даңазасы бара-бара легенда сөзгө айланып, акыры ал эпостун каарманы болуп жашап калган. Бекеринен тарыхчы-окумуштуу Н.Бернштам: «Манас эпосу көркөм чыгарма гана эмес, кайталангыс тарыхый повесть дагы» деп жазган эмес.

Эркиндик деген нерсе абдан татаал, терең маанилүү категория. Эркиндиктин маани-маңызын түшүнүү үчүн руханий аң-сезим жактан адам белгилүү бир тепкичке чыгышы керек. Адегенде инсан катары ойгонушу, инсан катары түзүлүшү керек. Эркиндик философиясын кимдир бирөө даярдап туруп, белен түрүндө Манаска белекке берген эмес. Элдик руханияттын өзөгүндө илгертен жашаган боштондук түшүнүгүн кабыл алууга, түшүнүүгө Манас ич жактан жетилип өсүп отуруп келген. Ушул жагдайга бир аз көңүл буралы.

Бала Манас эпосто “пендеден артык туулган”, “баш териси, турпаты башка” делип мүнөздөлөт. Ошол табиятынан өзгөчө артык жаралган, “турпаты башка”, оргуштаган акыл жөндөмү менен Манас кулунчак кезинен эле алдыга суроо коюп, собол таштап, жооп издөөгө, жашоо-турмуш маселелерин талдап-талкуулоого ык алып, тарбиячылардын берген багытын чап кармап, зарыл коомдук-турмуштук түшүнүктөрдү бат кабылдап, тез түшүнүп, тереңдеги себептерди, тамырларды аңтарганга, алысты чапчып акыл тегереткенге адат алган. Бекеринен бала Манас жөнүндө хан Жакып айтып болгону, кайышып бала толгонду” делип эпосто айтылып жаткан жок.

“Ай, атаке, - деп айтат, -- абалыңда кол салып, сизди келип камалап, урган калмак турбайбы”. Кулунчак Манастын оозунан чыккан ушул сөздөр, койгон суроосу, атасынын айткан тарых сабактарын анын жөн гана пассивдүү кабылдап отурбагандыгын, тескерисинче, ынтаалуу, активдүү кабылдагандыгын, жаш Манастын баш мээси кыймылдап, ичинде ойлонуу, толгонуу түйшүгү жүрүп, тарбиялануучуда субъективдүүлүктүн өсүш алып жаткандыгын астыртан күбөлөп берет. Бала Манас эпикалык жоо-калмак-кытайды “зордукчу” деп аныктайт. Мунун өзү Манастын акылында талдоо, баа берүү, этикалык ой толгоо процесстеринин жүрүп жаткандыгынын айгинеси. “Калмактан коркуп калтырап, кытайдан коркуп кылтылдап, жүрсөм Кудай урбайбы” деген сөздөрүнөн Манастын жигиттик, патриоттук ар-намыс сыяктуу чоң түшүнүктөрдүн айланасында талыкпай ой чуркатып отуруп, баскынчы душманга каршы жалтанбай күрөшүү жөнүндөгү чечимге бекигендиги ачыкка чыгып турат. Ал эми “куу дүйнөнүн түбүнө, куусаң кантип жетесиң” деген сөздөр акылгөй жаш баатырдын күн тартибинде турган патриоттук маселелер жөнүндө гана эмес, бу тирүүлүктүн дайымкы, түбөлүктүү көйгөйлөрү тууралуу да далай жолу ойго чөмүлүп, акыл азабын тарткандыгын байкатып жатат. Бул дүйнөнү “куу дүйнө” деп атаганы Манастын философчосунан да ойлонуп-толгонгондугуна айгак эмеспи.

Акыры өз эли-журтунун кайгылуу тагдырына күбө болгондон кийин акылгөй жаш баатыр төмөнкүдөй логикага келип такалбай койгон эмес. Ата конушуң, эли-журтуң жоонун, үстөмчүл кара күчтүн колунда болсо, булуттуу көктүн астындагы, муундуу чөптүн үстүндөгү өмүрүң кор, ичкениң ирим, жегениң желим. Этек-жеңиңди жайылтпай, канат-куйругуңду кыркып турушат. Дүмүрүң түбүнөн казылат, түркүгүң суурулат. Таманга басып жүн кылат, ачык күнүң түн кылат, койдой айдап кул кылат. Бу жарыкчылыкта бутту кенен сунуп, өз бир тууган жериңде атуул катары алчактап жашай албайсың. Эркин жериң, эркин элиң болсо гана, өз тагдырыңа өзүң кожоюн болсоң гана сен бактылуу кишисиң. Бала кезинен терең ой жүгүртүүгө көнгөн Манас турмушту талдап келип, эркиндик деген нерсенин, боштондуктун, эгемендүүлүктүн жеке адам үчүн да, калайык-калк үчүн да, Ата журт үчүн да тагдырга тете иш экендигин, анын бу тирүүчүлүктөгү фундаменталдык маанисин аңдап туюнууга чейин көтөрүлгөн. Өзүнүн тажрыйбасы, тубаса курч акылы жана гениалдуу интуициясы менен Манас эркиндиктин жашоонун тузу, маңызы экендиги жөнүндөгү ишенимге ээ болгон. 

Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн! - деген Манастын күчтүү эмоция менен чын жүрөгүнөн атылып чыккан бул сөздөрү баатырдын эркиндик деген нерсени канчалык терең түшүнгөндүгүн айгинелеп турат.

Эркиндиктин зарылдыгын туюнуу, аңдап сезүү – бул өзүңдүн жана элиңдин кулчулук абалын түшүнүү, аны менен келише албоо, күнкор абалга чыдабоо, кулчулукка каршы бунт дегенди билдирет. Эркиндиктин маңызын чындап туюнуу, боштондук үчүн күрөшкө чыгуу – бул адам духунун кулдук аң-сезимдин үстүнөн болгон жеңиши болуп саналат. Эркиндикти асыл нарк катары баалоого жетишүү – бул ошону менен бирге өзүнүн түркөйлүгүнүн, баёо дүйнө кабылдоосунун үстүнөн болгон жеңиш, өзүн өзү жеңүү деген сөз. Эркиндикти кеңири мааниде түшүнүү кажет. Манас өзүн өзү жеңген каарман.

Илгерки көчмөндүк-жоокердик доордо жашаса да, Манас баатыр дал жогорудагыдай рухий бийиктикке көтөрүлүп чыккан гениалдуу инсан-каарман. Ал үчүн атасы Жакыптын 40 миң жылкысы, сандыкка толо алтын-күмүшү кастарлап, ыйык санай турган нерселер эмес. Анын аң-сезими материалдык байлыктын кулчулугунан кутулуп чыккан. Манастын ыйык санап, сыйынган бир гана дини бар – ал ак калпак кыргыздын азаттыгынын, Ата журттун эркиндигинин улуу идеясы.

Чыңгыз Айтматов “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” аттуу макаласында “Манастын” образдары жөнүндө “тирүү реалдуу жашаган тарыхый адамдардай” деп реалисттик чыгарманы окугандай баа берген.

Кыскасын айтканда, эпостун сюжетинен жана окуяларынын логикасынан, подтексттерден Манастын инсан катары ойгонушун, анын акыл-эсинин өнүгүүсүнүн белгилүү даражадагы тарыхын, эркиндик идеясына келүү таржымалын көрө алабыз.

“Жанды азат кылалы” дейт Манас досторуна. Бул акыл тереңдигинен оргуп чыккан өтө олуттуу сөз. Баатырдын терең логикасы боюнча жан азаттыгы болбосо адам пендеси да, эл да бейпилчиликте бутун кенен сунуп эркин жашай албайт. Өзүн эркин сезе албайт. Анан мына ушундай ички терең ишенимден чыгып, ар жерде чачылып калган кыргыз калкынын башын кошуу, бириктирүү, душманга каршы аёосуз күрөш ачуу, Ата журтту боштондукка чыгаруу, элдин башын азат кылуу, эгемендүү кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү сыяктуу опол тоодой максаттарды, башкача айтканда, “чачылганды жыйноону, үзүлгөндү улоону, жоголгон жокту табууну, кулаалы жыйып куш кылууну, куранды жыйнап журт кылууну” кечиктирилгис милдет катары өз алдына койгон. Бул милдеттер анын атуулдук, адамдык ар-намысынын, абийиринин иши болуп калган. Демек, Манасты түп жактан жандуу мүрөк суусундай азыктандырып турган күч пайда болду. Ал күч – Манастын ичтен карманып, туу тутуп, сыйынган ыйык идеясы, бардыгынан жогору койгон эң бийик дөөлөтү. Ал ыйык идея дагы айталы, ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, көз каранды эместигинин идеясы, Ата журттун боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн, журт биримдигинин улуу идеясы. Манас ушундай улуу мекенчил идеяны өзөгүндө сары майдай сактап, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, көк асабадай желбиретип төбөгө көтөрүп, ушундай улут идеясы үчүн каруусун казык, башын токмок кылып, өрт кечип улуу патриоттук күрөшкө аттанган. 

Грек фольклорунда Прометей деген каарман бар. Ал адамдарга асмандан Кудайлардын уруксатысыз от уурдап келгендиги үчүн Зевс Кудай тарабынан жазаланып, түбөлүк аскага чегеленип, кадалып коюлат. Прометей бүгүнкү гректердин эстутумунда өлбөс-өчпөс өрнөк катары сакталып келет. Прометей мифологиялык каарман. Ал эми Манас болсо жердеги реалдуу турмуштун каарманы. Манас – кыргыздын Прометейи. Манас баскынчы душмандын айынан канга боёлуп, чабылып-чачылып, туш-тушка тарап, эл катары жоюлуу коркунучунда турган кыргыз элине жоонун карасанатай каардуу, ташбоор мамилесинин аязына үшүгөн, тоңгон ак калпак кыргызга от уурдап келип берген улуу гуманистпатриот. Тагдыры кылдын кырында турган кыргыз эли Манас баатырынын отуна жылынган, сөөгү агарган. “Бири эренге, бири тереңге, бири Алтайга, бири Каңгайга тентип, ар кай жакка чачылган кыргыз шер Манастын жана анын чоролорунун боштондук үчүн каарман күрөшүнүн аркасында Ала-Тоо Ата журтуна кайрадан топтолуп, чачылганы жыйналып, үзүлгөнү уланып, жоголгон жогу табылып, эркиндикке чыгып, эгемендүү журт болгон. “Кулаалы таптап куш калдым, курама жыйып журт кылдым” деген Манастын сөзү ушундан чыгат. Ошон үчүн кыргыз калкынын өз кулуну Манас баатырга болгон алкышы чексиз. “Манас” деген улуу эпос кыргыз элинин алкышынан жана урматынан жаралган. Манас атанын Прометей сыяктуу улутуна жагып берген оту бүгүн да коломтобузда жалбырттап күйүп турат. “Улутум кыргыз, урааным Манас!” дейт ак калпакчан калк.

Шер Манас кыргыз элин гана эмес, Борбор Азиядагы, Чыгыш Түркстандагы Алооке баскынчынын чеңгелинде онтоп жаткан канатташ түрк – мусулман элдерин да эркиндикке чыгарган. Ошондуктан аталган аймактардын он эки хандыктары чогулуп, Кум-Арык деген жерде Манасты алтын жиптүү килемге салып, жогорку Каган кылып көтөрүшкөн (С.Каралаевдин варианты). Эгерде, мисалы, Александр Македонскийлер, Чыңгызхандар, Цезарлар, эпикалык Алоокелер, Коңурбайлар басып алуучулар, кулдандыруучулар болсо, Айкөл Манастын миссиясы бөлөк эле. Манастын миссиясы – куткаруучулук, боштондуктун миссиясы. “Чоң казат” жортуулу Манастын боштондук, эркиндик үчүн жүргүзгөн согуштарынын уландысы болгон. Манас – улуу гуманист каарман. Анын масштабы улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык масштаб. Ошон үчүн ал Айкөл аталып, улуу манасчылар тарабынан “айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй” деп мүнөздөлгөн.

Мына ошентип, ак калпак элдин көз карандысыздыгы, азаттыгы, боштондугу Манас атабыз үчүн ыйыктын ыйыгы. Кыргызда ушул ыйык баалуулук таалим-тарбия механизми аркылуу укумдан-тукумга өткөрүлүп турган. “Баласына атасы энчи кылып берген сөз, жайнап түшсө мөндүрдөй жалпы журтум терген сөз” деп ырдалат “Манаста”.

Манас атанын эркиндик философиясы менен аба менен дем алгандай дем алып, анын патриоттук салтын уланткан Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек баатыр, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак баатырлар, Эр Солтоной, Балбай, Алымбек датка, Искак хан, Курманжан датка, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу ондогон, жүздөгөн, миңдеген чыгаан патриот уул-кыздар элибиздин сыймыгына айланган. Манас ата: “Атадан калган конушту, алдырсам Кудай урбайбы, ажалым жетип өлгүчө, туу түбүндө турамын!” десе, анын өрнөгүндө тарбия алган кийинки Курманбек баатыр: “Тууган элдин убалы мени кантип уктатат. Ушуларды ойлонуп, кандай баатыр тынч жатат. Эч душманга кор кылбай, элди асырап багабыз” деп кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө аттанууга кырк жигитин чакырып турат. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” (Эр Солтоной). Ал эми Манас рухуна сугарылган Эшкожо уулу Балбай баатыр XIX кылымда: “Элимди кул кылбайм, жеримди тепсетпейм” деп ант берип, чет элдик колонизаторлор менен өмүрүнүн акырына чейин күрөшкөн.

Кыскасы, эркиндик идеясын туу туткан Манастын “көк жал” урпактары баба салтын татыктуу улантышып, тарыхтын кыйын-кезеңдеринде боштондук үчүн “баштарын канжыгага байлашып”, эл-журтка тирек болушуп, унутулгус өрнөктөрдү көрсөтүшкөн. Бүгүнкү эсенчилигибиз, эгемендүүлүгүбүз үчүн өткөндөгү улуу патриотторубузга милдеттүүбүз. 

Бүгүнкү күндө биздин суверендүүлүгүбүзгө көз арткан эл аралык диндик экстремисттик жана улуттук маданияттарды бир көгөнгө тизип, унификациялоого умтулган дүйнөлүк геосаясый күчтөр, глобалдашуунун, массалык маданияттын агрессивдүү чабуулдары эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч туудуруп турат. Ушундай “устаранын мизинде оодарылган” (Арстанбек) татаал, карама-каршылыктуу дүйнөдө мамлекетибиздин түп пайдубалын бекемдөө, күч-кубатын чыңдоо, эгемендүүлүгүбүздү коргоо, күчтүү империялардын алкымына оп тартылып, улуттугубузду жоготуп албоо үчүн Ала-Тоонун ар бир атуулу Манас атаныкындай көз карандысыздыктын ыйыктыгы, философиясы жана күжүрмөн күрөштүн духу менен жашоого тийиш.


Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер