Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Максат Мамытканов: «Cаясый кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишели
Максат Мамытканов: «Cаясый кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишели
27-январь, 19:57

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишин талкуулады. Анын айтымында, “финполиция коррупциялашкан” деген пикирди өзгөртүүгө мезгил келди.
«Биз өлкө тарыхында ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен «саясый кереметке» жетиштик, эми «экономикалык кереметке» жетишүү учуру келди. Аны ишке ашыруу ар бирибизден көз каранды. Күч-аракетибизди жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек» деди Мамытканов.