Акыркы кабарлар
» Коом » Кытайда акчалар өрттөлөт
Кытайда акчалар өрттөлөт
20-февраль, 21:54


Кытай бийлиги коронавирустан улам жапа чеккен райондордон чогулган акчалардын бир бөлүгүн өрттөөнү чечти. Бул тууралуу Business Insider агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, өрттөлө турган акчанын канча экендиги белгисиз. Бул ооруканаларда, базарларда, автобустарда жана вирус тараган аймактарда чогулган банкнотторго тийешелүү. Аларды Гуанчжоу шаарында жок кылышат. Кытайдын борбордук банкы коммерциялык кредиттик уюмдардын коронавирус тараган аймактарда чогулган акчаларды өзүнчө сактоосуна буйрук берген. Ал эми жок кылынбаган банкноттор дезинфекцияланат.
"Азия Ньюс" гезити











