Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бюллетендер кол менен качан саналып бүтөт? БШКнын жообу

Бюллетендер кол менен качан саналып бүтөт? БШКнын жообу

30-ноябрь, 16:58
1 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Боршайком бири-биринен күмөн санабоого чакырып, ар бир берилген добушту ээсине жеткирүүнү толук камсыз кыларына ишендирип, бюллетендерди кол менен санап чыгуу үчүн эки-үч күн убакыт кетерин билдирди. Расмий тараткан маалыматында, кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөрү жазылган.

Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан бардык нааразы тараптарды кол менен саноого катышууга чакырып жатабыз. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча шайлоо комиссиясынын 31000 мүчөсү бар. Алардын арасында сиздердин өкүлдөр дагы бар да. Анан элестетиңиздер, 31000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коёлу. Ар бир берилген добуш 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз деп кайрылды БШК.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер