Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыкадыров 1,5 миллион сом жардам кылып, элге жакын экенин көрсөттү

Абдыкадыров 1,5 миллион сом жардам кылып, элге жакын экенин көрсөттү

05-апрель, 22:18
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жеке ишкер, Бишкек шаарындагы "Жаңы доор" деген аталыштагы заманбап шаарчаны куруп жаткан "Нур строй монтаж" курулуш компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров элибиздин башына келген оор сыноодо кыргызстандыктар үчүн өзүнүн эсебинен жалпы 1,5 миллион сом жардам көрсөттү. Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемологиялык иштерге байланыштуу, атайын ачылган министрликтин эсебине калктын саламаттыгы үчүн 1 миллион сом которуп берген. Мындан тышкары, кыйынчылык тартып жатышкан Ленин районундагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө тамак-аш жагынан да жардамын көрсөткөн. Курулуш тармагында иштеп, абалга байланыштуу үйүндө олтурган 100 жумушчуга 300 миң сом бергенин угуп, “элибизде ушундай уулдарыбыз көп болсо” деген тилекти айткыбыз келүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, атайын ачылган эсепке которулган акча 100 миллион сомго жеткен. Көпчүлүгү жеке ишкерлер экени маалым болууда. "Эл дегенде эт-бетимен кетем" деген "багарман" депутаттардын кайрымдуулук кылганы аз экени, албетте, калкка эми кимдер кам көрөрүнөн кабар бергенсип турат. Бириксек, баарын жеңебиз!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер