Бакиридин кызы: “Коронавирустан кийин кыймылда болуу өтө маанилүү”
Дене тарбия көнүгүүлөрү менен реабилитациялоо дарыгери, “DzenSoulLook” коомдук фондунун эксперти Жаңылмырза Бакиридин кызы коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү боюнча кеңеш берди.
“Коронавирустан айыккан соң “муну жасоо керек” же “жасабаш керек” деген так көргөзмөлөр азырынча жок. Бирок, дүйнө медиктери бир нерсени түшүнүп калдык, бул вирустан айыгып келе жаткан кезде бейтапка кыймыл өтө маанилүү экен. Кыймыл десе эле кара терге түшүп спорттук көнүгүүлөрдү жасоо эмес, ар ким ошол учурдагы абалына жараша кыймылда болушу кажет. Эңкейип бир гүлгө суу куйса да ошол кыймыл. Оору катуу болгон учурда жаткың эле келет, бирок ошондо да жок дегенде буту-колдун манжаларын кыймылдатып туруу керек. Ал эми адам өзүн бир аз жакшы сезип калганда, кечкисин сыртка чыгып сейилдесин. Сейилдөөдө жай баспай, машыгуу режиминдегидей бир аз тезирээк кадам таштап, кайра жайлап эс алып, андан соң басыгын ылдамдатып отурса, дем алуу органдарынын калыбына келишине, кан айланууга оң таасирин тийгизет” дейт дарыгер.
“Спутник кж”