Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болгон мигранттардын сөөгү жүктөлгөн учак жолдо келе жатат

Каза болгон мигранттардын сөөгү жүктөлгөн учак жолдо келе жатат

23-август, 17:39
291 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиянын Ульяновск аймагында жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жүктөгөн учак жөнөп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, учак 3 жарым саатта Ош шаарындагы аэропортко конору күтүлүүдө.

Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин администрациясынын, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Россиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде болуп, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүштү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер