Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиев базардагы көпөстөрдү “кустуруп” баштаса, “ККМге өтөт элек” деп митингге чыгышса...

Ташиев базардагы көпөстөрдү “кустуруп” баштаса, “ККМге өтөт элек” деп митингге чыгышса...

24-август, 17:26
414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Чоң базарлардагы бай соодагерлер ККМге өтүүнү улам создуктуруп отурушуп, бир жылдан ашык убакытка чоюп салышты. Каршылык көрсөтүшүп, кыйла митинг кылышты. Эми качан ишке ашары белгисиз. Албетте, бул көрүнүш теңсиздикти жаратууда. Дүкөндөрдө же аптекада, айтор, кандайдыр бир соода түйүнүндө ККМ аркылуу иш жүрүп жатат. Ал эми миллиондорду айландыргандар, дүңүнөн товарларды жүгүрткөндөр базарлардагы элди чыгарышып, ызы-чуу салуу менен коркутушуп, догурунуп калышканы кандай? Ошондо сатуучулар экиге бөлүнүшкөнүбү: мамлекетке баш ийгендер жана моюн бербегендерби? Айтор, түшүнүксүз жагдай. Өткөндө бир соодагер тамаша-чынга салып айтат, “базардагы байларды “кустурса” айла жок ККМге өтөбүз да” деп. Кызык, капчыктуулар күчтөн гана коркуп калышканбы? Буга чейин айлакерликке салып келишкенби? Жыйынтыгында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чоң базардагы байларды чекесинен “кустуруп” баштаса, кызык жагдай жаралчудай. “Биз ККМге өтөт элек” деп ошондо кайра митингдерди уюштуруп чыгышабы? Негизи көпөстөрдүн табияты башкача болот эмеспи. “Окшуп-окшуп” турушпаса оңбой калышса керек...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер