Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коргоо министринин жубайы аскер бөлүктөрүнө инспекция кылабы?

Коргоо министринин жубайы аскер бөлүктөрүнө инспекция кылабы?

05-сентябрь, 12:00
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коргоо министринин жубайы Оля (Оңолкон) аскер бөлүктөрүнө барып, көңүл ачканды жакшы көрөт дешет. Күйөөсү лейтенант кезде бөлүктөн бөлүк которуп, ар кайсы гарнизондордо жаштыгы өткөн Оля курбулары менен жоокерлердин катар баскандарын көрүп көзү кубанып, бетинде түгү түшө элек тал чыбыктай жаш жигиттердин абаны жарып жаңыртып ырдагандарын угуп жүрөгү кубанып, көңүлү көтөрүлөт экен. Ностальгия болбосоң коё кал! Оля келет дегенде батальондун командири күн мурунтан даярданып, ысылыгына тай сойдуруп, виски, винолор шаңгырап, дасторконду титиретип даярдайт. Министрдин жары келгенде полковниктер чуркап чай куюп, бир көрүнүп койсом дегенде эки көзү төрт болот экен. Иши кылып, коргоо министринин аялы эки иштен бир иш дегендей, өзгөчө көңүл ачуу менен бирге аскер бөлүктөрүнө инспекция да кылат турбайбы. Сыягы министр өзүнүн ыйгарым укуктарынан да аялына бөлүшкөн окшойт. Болбосо аялынын аскер бөлүгүнө барып шапар тээп, чардаганга ким уруксат берди? 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер