Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек АБДРАМАНОВ: “Оорулуу адамдарга карабай, экотехинспекция оорукананы жапкан жатат”

Калдарбек АБДРАМАНОВ: “Оорулуу адамдарга карабай, экотехинспекция оорукананы жапкан жатат”

25-октябрь, 09:41
439 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык кан тамырлар хирургиялык борбору жабылуу алдында турат. Ал үч кабаттан жана бир нече кошумча бөлүктөн турган имарат. Анын бир кабаты гана жергиликтүү элдин көмөгү менен бир аз оңдолуп, жергиликтүү эл жатып дарыланууга шарт түзүлгөн. Бирок мамэкотехинспекция бул имаратты пайдаланууга тыюу салып, “жапкыла” деген талап коюшкан. Эгер жабылса, бейтаптардын абалы эмне болот? Бул тууралуу түштүк аймактык жүрөк хирургия илимий борборунун директору, медицина илиминин доктору Калдарбек Абдраманого суроо узаттык.

-- Түштүктөгү жүрөк кан тамыр хирургиялык борбору эгер жабылып калса, бейтаптардын кандай абалга дуушар болуу коркунучу бар?

-- Биз иштеп эле атабыз. Оорулуу адамдар абдан көп. Бирок экотехинспекция сотко кайрылып, жаптырып салышы мүмкүн. Сот аркылуу жабылып калса, түштүктө жашаган жүрөгү оорулуу жүздөгөн, миңдеген жарандар жабыркайт. Мүмкүнчүлүгү барлары Бишкекке барып дарыланууга туура келет. Республикада жүрөк кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында, биринчи орунда турат. Негизи дарттан каза болгондордун 50 пайыздан ашыгы дал ушул жүрөк кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер болуп эсептелет.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер