Руслан Бекназаров: “Мен “Бекназаровдун баласы” деген урмат-сыйды көрүп келем”

-- Руслан, атаңызга жолугуп атасызбы? Ден соолугу кандай?
-- Атам менен соттон уруксат алып, жакында эле бир жолу жолуктум. Негизи атамды соттон көрөбүз, адвокаты аркылуу абалын сурап турабыз. Азырынча ден соолугу жакшы эле. Бирок, атам көптөн бери эле кант диабети менен жабыркайт. “Бул күндөр да өтөт, ооруну өтүштүрүп ийбеңиз, өзүңүздү караңыз, эң башкысы, ден соолугуңузга кам көрүңүз” деп баарыбыз суранып жатабыз. Учурда дарыланып, диетасын кармап, спорт менен алектенүүдө.
-- “Карыганда камалып, балдарымды түйшүккө салдым” деп өкүнүп жатабы?
-- Атам саясатта көптөн бери жүрсө да өзүнүн принциптеринен кайткан жок. Качан болбосун жердин бүтүндүгүн, мамлекеттүүлүктү баарынан жогору коёт. Өлкө байлыгы тонолуп, жери кемип, кен байлыктарга туура эмес мамиле жасалып жаткан болсо, андай мезгилде сөзсүз өз пикирин билдирет. Мындай учурда кысым болорун билсек да, дем берип, колдоп турабыз. Себеби, атамдай кишилер мамлекетке керек экенин жакшы түшүнөбүз.
Атамды ар тараптан колдогонубуз менен өзүн кайсы бир деңгээлде “үй-бүлөмдүн алдында күнөөлүүмүн, силерге зыяным тийип жатат” деп кейийт. Ошон үчүн өткөндө “моралдык жактан үй-бүлөмдүн алдында гана күнөөмдү сезем. Үй-бүлөмдөн башка эч кимдин алдында айыптуу эмесмин” деп жазды окшойт.
Кимдир бирөөлөр “атаң үчүн иштен кеттиң, камалдың” деши мүмкүн. Бирок, бул нерсе мен үчүн зыян катары эсептелбейт. Тескерисинче, мен Азимбек Бекназаров деген адамдын уулу экениме сүйүнөм, сыймыктанам. Кайда жүрсөм да “Бекназаровдун баласы” деген урмат-сыйды көрөм. “Атаң кыйын киши, жүрөгү мекен деп соккон адам. Жер үчүн, кен байлыктар үчүн күйүп камакка алынды” деген жакшы сөздөрдү, пикирлерди көп уктум. Ошон үчүн атам кандай маселе көтөрсө да колдойбуз.
-- Кемпир-Абад ишинен жакынкы күндөрү жыйынтык чыгабы же Чубактын кунундай чубалган сот процесстери улана береби?
-- Кемирабадчыларга койгон күнөөлөрү аныкталбаса да, негизи жок эле кылмыш ишин козгоп, аны сотко өткөрүштү. Ошон үчүн коюлуп жаткан беренелер абсурд десек да болот. Жасалма кылмыш иши билинип калып, ал коомчулукка чыгып кетсе уят болобуз деп, “жашыруун” деген графанын алкагында сот өткөрүп жатышат. Кемпирабадчылардын күнөөсү болбогону үчүн “сот ачык болсун, күнөөлүү болсок күнөөлүү катары тапкыла. Күнөөсүз болсок жөн эле камаганыңарды мойнуңарга алгыла!” деген талап коюп жатышат. Менимче, созуп отуруп акыры соттошсо керек. Анткени, акталып кетсе уят болушат да. Ошон үчүн “күнөөлүү” деп тапканга аракет кылышат.
-- Кемпирабадчылардын айрымдары үй камагына чыга башташты. Эмнеге Азимбек Анаркуловичке андай жеңилдиктер берилген жок?
-- Эмнеге атамды чыгарбай жатышканын билбейм. Сыягы, айтканынан кайтпаган, принцибинен тайбагандарды чыгарбай жатышат окшойт. Болбосо, анын кант диабети менен ооруганын азыркы бийлик башындагылар жакшы билишет. Алардын сотуна катышканда да тынбай суу ичип турчу. Таңгалганым, кант диабети менен ооруп келгенин билип туруп, жайында СИЗОнун эң үстүндөгү ысык камераларына камашты. Күн сууктагандан бери ным болгон жертөлөгө которушту. Мен да ошол сыз жерде отургам. Маасы кийбесең таманыңдан өткөн сыз мээңе чыгат. Кемпирабадчыларды кандай ой менен кышында муздак, жайында ысык жерге камап жатышканын билбейм. Чынында бул деле кыйноонун бир түрү да... Бирок, ошондой шартта камалып жатышса да атам жана саясый санаалаштары позицияларынан кайтпай жатышат.
-- Камалган кишинин баарын бийлик өзү баатыр кылат эмеспи. Сиз да камалып чыктыңыз, камалып жаткан кишинин да уулусуз. Баатырдыкты сезип атасызбы?
-- Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоп, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, чындыкты айтып камалып жаткан болсо, албетте, ал кишини баатыр десе болот. Менин камалганым атама байланыштуу болгон. Ошон үчүн мен камалганыма өкүнбөйм, тескерисинче, сыймыктанам. Азимбек Бекназаровдун уулу, баласы катары камалганымды милдетим, парзым деп билем. Керек болсо атам үчүн жаным курман болсо да кайылмын. Атамды камагандан көрө, мени кармап отурса да ыраазы болмокмун. Анткени, ата-эне Кудай Талаадан кийинки эле ыйык инсан. Буларга жаныбызды берсек да аздык кылат деп ойлойм. Мен атамдын уулу катары милдетимди аткардым жана аткара берем. Атамдын кыймыл аракетин мен баатырдык катары билем. Баатырлар гана мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коёт. Баатырлыктын мүнөзүн, үлгүсүн атамдан көрөм.
-- “Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасын иштетти” деп камакка алынган өкүл балаңыздын иши эмне болду?
-- Өкүл балам шаардык сотко апелляция жазып, үй камагына чыккан. “Баракчаны чогуу иштеткен” деген берене менен “башаламандыктарды чакырып жатат” деп иш козгошту. Атам болсо “ал аккаунт меники, расмий баракчага мен жооп берем, мени сурагыла” деген. Өкүл баламды жок жерден камашканда далил болсун деп атамдын кол жазмаларын да алып барып бердим. Бирок, тергөөчүлөр “аккаунт ошол жигиттин телефонуна катталыптыр” таризинде күнөө коюп жатышат.
Өзүң камалсаң эч нерсе эмес экен. Сен үчүн бирөө камалып жатса, ошол абдан оор тура. Өкүл баламдын эки жаш наристеси, келинчегинин да боюнда бар. “Бөрк ал десе баш алган” тергөөчүлөр жок жерден камап, жаш үй-бүлөнү да кыйла азапка салышты.
Учурда кейигенде эмне, кыйынчылыкты да татыктуу көтөрүш керек. Алла Таалам мындай сыноону да көтөрө ала турган адамдарга берет экен. “Ар бир кыйынчылыктын артында сөзсүз жакшылык болот” деген ишеним менен жашап келебиз.
"Азия Ньюс" гезити