Акыркы кабарлар
» Коом » Нарис Калчаев, активист: “Оппозицияны эл колдобой калды”
Нарис Калчаев, активист: “Оппозицияны эл колдобой калды”
13-апрель, 12:22
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Учурда бир муштумга түйүлгөн, бийликке альтернативдүү сунуштарды берген оппозициялык таасирдүү күчтөр жок болуп калгандай туюлат. Айрым серепчилер мындай учурда бийлик өзү конструктивдүү оппозиция түзүшү керектигин айтышууда. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн ушундай аракеттер керекпи?
-- “Өнүгөбүз, алдыга жылабыз” десек, анда сөзсүз оппозиция керек. Бирок, биздеги оппозициячыл көз караштагы саясатчыларыбыздын көпчүлүгү экс- мамлекеттик жетекчилер болгондуктан, алар элдин колдоосуна алынбай жаткандыгы дагы чындык. Каршылык көрсөткөн көз караштагы жаш муундун өкүлдөрү да жогорудагы айтылган экс-саясатчыларды ээрчип алганынын кесепетинен алар да эл арасында колдоого ээ боло албай жатышат.
-- Эки жума мурун дагы бир «кемпирабадчы” үй камагына чыкты. Андан мурун ден соолугуна байланыштуу Бектур Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ошондо бийлик менен «соодалашууга» макул болгондор тымызын камактан чыгып, сындагандар абакта калышабы?
-- “Кемпирабадчылардын” үчтөн экиси азыр үй камагында. Өлкөдөн чыкпай турган шарттар менен камоо шарты өзгөртүлдү. Бирок, бул шарттар толук акталды же болбосо камактан бошотулду дегенге жатпайт. Ооба, сиз суроо узаткандай, ар кандай шарттар менен сүйлөшүүнүн негизинде баш коргоо чаралары өзгөртүлүүдө. Кандай болгон күндө да ар кимдин өзүнүн чечими десек да болот. Азыр сот иштери аягына чыга элек жана жакынкы күндөрү чекит коюлучу айыптоо чыкпайт окшойт. Саясый иш болгондон кийин сөзсүз соодалашат да. Бектур Асановдун ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү баарыбызга маалым. Ал эми Кубанычбек Кадыровдун кандай шартта эркиндикке чыгып кеткенин билбейт экенмин.
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити