Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Кочкоров: “Кыйын кырдаалда керт башын ойлогондорду кусур урат!”

Улукбек Кочкоров: “Кыйын кырдаалда керт башын ойлогондорду кусур урат!”

07-апрель, 00:03
2 101 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арыбаңыздар калайык калк!
 
Жер-жерлерде мамлекет берген ун сатылып, матрезервдин унун саясый партиялар өз атынан элге берип жатат, өкмөт курттаган ун таратууда” деген маалыматтар чыга баштады.
 
Эгерде чын эле өкмөттүн бекер уну элге сатылып жаткан болсо, кайсы бир саясый партия өкмөттүн унун өз атынан элге таратып жатканы анык болсо, өкмөттүн кампасынан таратылып жаткан ун курттап кеткени далилденсе, анда ушул фактылар боюнча тиешелүү адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек.
 Урматтуу туугандар, жогорудагы көрүнүштөргө күбө болуп калсаңыздар, далилдей турган материалдар колуңуздарга тийип калса, дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Андан сырткары
, биздин 0990 60 30 30 ватсап номерибизге дароо кайрылыңыздар!
 Мындай шалаакылыкты, өзүмбилемдикти чогуу токтотолу. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Ушундай кыйын кырдаалда керт башынын камын ойлогон наадандарды кусур урат
!
 Эң оболу
, биз коомдун мите курттары менен күрөшүүбүз керек!” деп министр Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер